Жаңылыктар
УКМК: кылмыш иштеринин жоголуу фактысы текшерилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: кылмыш иштеринин жоголуу фактысы текшерилүүдө

Ысык-Көл райондук сотунда кылмыш иштеринин жоголуу фактысы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында атайын кызмат билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР ылмыш-жаза кодексинин Шалаакылык беренеси боюнча жалпысынан 150гө жакын кылмыш жана жарандык иштердин жоголушуна алып келген Ысык-Көл райондук сотунун жооптуу кызматкерлерине карата кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлдү. 

Тергөөнүн маалыматы боюнча, жогорудагы аракеттердин максаты айрым резонанстуу кылмыш иштерди жана мүлктүк мүнөздөгү иштер боюнча мыйзамсыз кабыл алынган сот чечимдерин жашыруу, ошондой эле материалдык пайда алуу болгон. 

Азыркы учурда кылмышкерлерди аныктоо жана жоголгон кылмыш иштерди издөө боюнча зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.