Жаңылыктар
Азия чемпионатына Кыргызстандан төрт спортчу барат
Кыргызстан жаңылыктары
Азия чемпионатына Кыргызстандан төрт спортчу барат

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттуккурама командасынын мүчөлөрү Түштүк Кореянын Ченджу шаарында өтө турган Азиячемпионатына катышат. 

Дене тарбия жана спорт департаментинин бергенбилдирүүсүнө караганда, мелдеш 19-апрелден 2-майга чейин болот. 

Чемпионатка Бекдөөлөт Расулбеков, Эмил Молдодосов, Изат Артыков, Ишенбек Муратбек уулубараары айтылууда. 

Белгилей кетсек, оор атлетика боюнча улуттук курама командаулук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.