Жаңылыктар
Каракол - Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол - Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү

Кечээ, 12-апрелде 17:12 чамасында Ак-Суу районунда Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүп, унаа жол эки тараптуу жабылган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык катталган жерге ыкчам топ жана №11 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 1 грейдер, 1 бульдозер тартылган. Аталган тилкеге Ички иштер министрлиги тарабынан пост коюлуп, нөөмөт уюштурулган. Саат 23:30да унаа жол бир тараптуу ачылган. 

Учурда тартылган техниканын жардамында унаа жолду толук тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.