Жаңылыктар
Бүгүн Азимжан Аскаровдун соту уланат
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Азимжан Аскаровдун соту уланат

Бүгүн Азимжан Аскаровдун соту уланат. Соттук отурумда жабырлануучулар жана күбөлөр көрсөтмө беришет. 4-октябрда башталган Аскаровдун соту ар жуманын шейшемби күнүнө белгиленген. Өткөн аптада судья Кыдык Жунушпаевдин ооруп калганына байланыштуу процесс болбой калган. 

Аскаров 2010-жылы июнь окуясында "улут аралык кастыкты козуткан, жапырт башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан" деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118