Айыл чарба министрлиги сүттүн баасын туруктуу кармоо аракетинде. Министрлер кабинети субсидиялоо боюнча сунуш киргизип жатканы Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү берген маалыматта айтылды.
Ошол эле учурда “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоорунун алкагында үч миллиарддан ашык каражат дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыя катары бериле баштады.