Жаңылыктар
УТРКнын долбоорлорун эфирге алып чыгуучу жаңы жүздөр тандалууда
УТРК жаңылыктары
 УТРКнын долбоорлорун эфирге алып чыгуучу жаңы жүздөр тандалууда

УТРКнын долбоорлорун эфирге алып чыгуучу жаңы жүздөр тандалууда. Кастингдин биринчи туруна 200дөн ашуун киши катышты. Сынакка 20дан 35 жашка чейинки улан-кыздар чакырылган. Тандоодон өткөндөр ток-шоу, маалымат, аналитика, көнүл ачуу, маданият багыттарындагы берүүлөрдү алып барат. Бир гана теледе эмес, радио тармагында иштейм дегендерге дагы жол ачык.

Сөз байлыгы кенен, жогорку билими бар, ар кыл темада кенен ой жүгүртө билгендер үчүн чоң мүмкүнчүлүк. УТРКнын алдына чырайлуу жүзү, мукамдуу үнү менен таң калтырам деген 200дөн ашуун улан-кыз чогулду. Баарынын кыялы бир – өзүн көгүлтүр экрандан көрүү.