Жаңылыктар
Кургак учукка каршы ФС-1 дарыдан 2 адам каза болду
Ден соолук
Кургак учукка каршы ФС-1 дарыдан 2 адам каза болду

Кургак учукка каршы ФС-1 дарысын клиникалык сыноодон өткөрүүдө 2 адам каза болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

 ФС-1 дарысы кургак учук менен жабыркаган бейтаптарга берилип, сыноодон өткөн. Каражаттар иш-чарага катышкан 54 бейтаптын 10 башка оорусун козгоп чыкса, дагы эки киши каза болгон. Башкы прокуратура Улуттук фтизиатрия борбору менен Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин жетекчилигине кылмыш ишин козгоду.  Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.