Жаңылыктар
УКМК: баңгизат боюнча өспүрүмдөр кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: баңгизат боюнча өспүрүмдөр кармалды

Туруктуу эл аралык баңги топторунун биринин кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, ал топтун мүчөлөрү кармалып, синтетикалык баңгизат - “мефедрон” алынды.

УКМКдан билдиришкендей, ушул жылдын 27-мартында И.Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын “жашырууга” аракет кылып жаткан жеринен Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринин биринин 11-9-классынын эки окуучусу кармалган. 

Кармалгандардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык “Альфа PVP” баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак - жалпы салмагы 27,6 гр. бангизаты табылып алынган. Бул 1 грамм заттын базар баасы 10 миң сомду түзөт. Фактынын негизинде кылмыш иши козголгон. Аталган топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 4-апрелде Ж.Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну кармалды. Жогорудагы кармалгандар УКМК тергөө абагына киргизилди. 

Бүгүнкү күндө синтетикалык баңги каражаттарынын жаңы түрлөрүнүн динамикалык түзүлүшү жана пайда болушу, ошондой эле байланыштын коопсуз ыкмаларынын пайда болушунан улам, баңгизаттарды жайылтууну жана сатууну уюштурууга белгилүү акчалай сыйлыкты убада кылуу менен көбүнчө студенттерди жана мектеп жашындагы балдарды тартышууда. Буга байланыштуу атайын кызмат ата-энелерди балдарына камкордук кылууга, алардын убакыт өткөрүүсүн жана чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан баштап мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралган.