Жаңылыктар
Гамбург шаарынын Соода палатасынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча комитетинин отуруму болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Гамбург шаарынын Соода палатасынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча комитетинин отуруму болуп өттү

2023-жылдын 12-апрелинде Гамбург шаарынын Соода палатасынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча комитетинин отуруму болуп өттү. Ага Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев ардактуу конок катары катышты.Өзүнүн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Т.Сариев Кыргыз Республикасынын инвестиция жана кыргыз продукциясын экспорттоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Энергетика, тоо-кен өндүрүшү, туризм жана логистикалык долбоорлор кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары белгиленди.Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктарына жана кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгынын кеңейтүү зарылдыгына токтолду.

Герман бизнесинин өкүлдөрү логистика, минералдык ресурстар, кайра жаралуучу энергия булактары жана органикалык азык-түлүктөрдү Кыргызстандан жеткирүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Ошондой эле, быйыл кыргыз-гамбург бизнес форумун өткөрүү боюнча макулдашылды.