Жаңылыктар
Адабияттын алпы Түгөлбай Сыдыкбековдун 15 томдугу жарык көрдү
Маданият
Адабияттын алпы Түгөлбай Сыдыкбековдун 15 томдугу жарык көрдү

ТҮГӨЛБАЙ  СЫДЫКБЕКОВДУН 110 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА

"Жаз – күлмүңдөгөн балалыгым. Жай – келберсиген жигит кезим. Күз – акыл-эске үзүрдүү киши болгонум. Кыш – абийирдүү карылыгым. Төрт мезгилимди биринен бирин кантип бөлөм!"

Түгөлбай   Сыдыкбеков

АДАБИЯТ АЛПЫНЫН 15 ТОМДУГУ ЖАРЫК КӨРДҮ

Жыйырманчы кылымдагы кыргыз адабиятынын алптарынын сап башында турган чыгаан жазуучу жана коомдук ишмер  Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракеси 2022-жылы белгиленди. Жазуучунун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу бир ооз сөз жана бир сап сүйлөм менен  жазып  коюу мүмкүн  эмес.

Көркөм сөз чеберинин  чыгармачылыгы жана өмүр жолу тууралуу адабиятчылар кенен-кесир изилдөөлөрүн жазышты, кыргыз адабиятындагы ченемсиз орду тууралуу айтып келишет. Адегенде улуттук адабият патриархы, кыргыздын элдик тилинин  билерманы, СССРдин мамлекеттик  сыйлыгынын  лауреаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик  Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүр жолунан  кыскача гана маалымат бере кетели.

Жазуучу Ысык-Көлдүн  Түп  районуна караштуу  Каркыра  жайлоосунун босогосу, кыргыздын керемет аймактарынын бири  Кең-Суу  айылында 1912-жылдын 14-май күнү жарык дүйнөгө  келген. Албетте, жарык дүйнөгө  келген  кезде ай-күн  азыркыдай кагазга жазылып, так болгон эмес, ошондуктан, жазуучу   15-апрелден 15-майга чейин күндөрдү  кагазга жазып, кызы Динаранын колуна берет да,тандап алган  кагаз тилимине жазылган  14-майды шарттуу түрдө  туулган күнү катары белгилеп алган.

Түгөлбайдын апасы Айымкан 17 бала төрөп, 7 уул, төрт кызы чечектен, күйөөсү келтеден өлүп, жарык дүйнөгө  келген балага Түгөлбай деген ысымды ырымдап коюп, бирок, улам-улам балдары чарчай бергендиктен,  Карачунак деген каймана ат  менен  атап, элдик ырым-жырым менен эптеп  аман  алып калган.

Балалыгы  кантип  өткөн?

Дүйнөгө  аты чыккан белгилүү  жазуучулардын көбү  тарбияны энеден көбүрөөк  алгандыгы тууралуу маалыматтар бар. Энеси акылман  аялзаты болуп, колунан көөр төгүлгөн  уз, тилинен уюткулуу  кеп чыккан сөзмөр, куюлуштура сөз сүйлөгөн  жамакчы да болгон. 1916-жылы көпчүлүк көлдүктөр  сыяктуу эле үй-бүлөсү менен Текеске үркүп барышып, Кең-Сууга 1918-жылы  кайтышат. 1919-жылы айылындагы Түнкатар  деген молдодон окуп,  “Аптиек”  менен “Куранды” жаттап, арабча  эжелеп окуганды үйрөнөт.

1925-жылы Караколдогу  А.П.Чехов атындагы биринчи баскыч мектепке кирип, орус тилинде А.С.Пушкин, Н.В.Гоголь, И.С.Тургеневдин чыгармалары менен таанышып, адабият дүйнөсүнө сапары мына ушинтип башталган.

Адегенде акын катары ыр жазган. 16 жашында "Капкакбай" деген жомок-дастан жазган, бул алгачкы чыгармасы катары эсептелет. 1930-жылы "Ленинчил жаш" гезитинин 1-майдагы майрамдык санына "Булар кимдер" деген ыры эч оңдоосуз басылган.

Алгачкы ырлар жыйнагы  «Күрөш» деген ат менен 1933-жылы жарыкка чыккан.

Т.Сыдыкбековдун «Люди наших дней» деп аталган романына 1947-жылы 3 даражадагы Сталиндик сыйлык берилип, кийин ал сыйлык СССРдин мамлекеттик сыйлыгы болуп аталып калган.

Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, «Элдердин достугу» ордендери, СССРдин көп медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Эгемен Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Эл Баатыры" наамын туңгуч ирет алган.

2023-жылдын 12-апрель күнү алп жазуучунун 15 томдук китебинин  бет ачары, тушоо  кесүүсү  А.Осмонов  атындагы улуттук китепканасында болуп өттү. Бул, албетте, улутубуздун сыймыгы! Кыргыз элинин залкар жазуучуга  болгон  урмат-сыйы!

15 томдук жыйнакты түзүүдө  Алихан Ибраимов, Сыртбай Мусаев, Сымбат Садыкова, Нурида Касымбекова сыяктуу адабиятчылар жана жазуучунун күйөрмандары эмгектеништи.Китеп Кыргыз Республикасынын  Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен жарыкка чыкты.Жыйынга КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов,мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, депутаттар катышышты. 15 томдук бул ирет миң  нуска менен чыккан. 

 Урматтуу окурман, жыйырманчы кылымдын  алп жазуучусунун 15 томдугунда аңгемелери, романдары, публицистикалары, эскерүүлөрү, кыскасы  сонун-сонун  чыгармалары тууралуу маалымат аласыз.

Гүлмира Кулумбаева