Жаңылыктар
«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери 15 тонна декларацияланбаган дөңгөлөктөрдү аныкташты
Кыргызстан жаңылыктары
«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери 15 тонна декларацияланбаган дөңгөлөктөрдү аныкташты

«Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарларды жалган декларациялоо фактысын аныкташкан.«И.Т.» ЖЧК алуучусунун дарегине Кытайдан «Shackman»маркасындагы унаа менен спорттук топтор, пардалар, жасалма гүлдөр, тигүүчү машиналар үчүн тетиктер жана бөлүктөр келген.

Автоунааны бажылык кароодо 180 даана санда, жалпы салмагы 15,00 кг декларацияланбаган жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрү табылган.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.