Жаңы салык саясаты менен 15 миңге чукул жумуш орундары пайда болушу күтүлүүдө.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев бул жаатта өткөн тегерек үстөлдө билдирди. айтымында, жаңы өндүрүштөрдү ачам дегендер 5 жылдык салыктан бошотулса, ал эми жеңил өнөр жай тармагынын салыктык чени 0,25 пайызды гана түзөт. Салыктык төгүмдөрдүн мындай төмөн көрсөткүчтөрү инвесторлорду кызыктырбай койбойт.