Жаңылыктар
Кыргызстанга Кытайдын өкмөт башчысы иш сапар менен келет
Саясат
Кыргызстанга Кытайдын өкмөт башчысы иш сапар менен келет

Кыргызстанга Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцян 2-ноябрда расмий иш сапар менен келет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Иш сапардын алкагында эки тараптуу кызматташуу талкууланып, бир катар документтерге кол коюлат. 3-ноябрда Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны өтүп, анда аталган интеграциялык уюмдун алкагында кызматташууну бекемдөө жана кеңейтүү маселелери каралат. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.