Жаңылыктар
Райондук соттордун судьяларын дайындоо
Саясат
Райондук соттордун судьяларын дайындоо

Президент Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш 13 талапкерди Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондук сотторунун судьяларын, ошондой эле жаңы талапкерлерди Чүй облусунун Ысык-Ата, Чүй райондук сотторунун судьялары кызматтарына дайындоо  боюнча сунуштарды киргизген.

2016-жылдын 21-январында Мамлекет башчысы бул талапкерлердин айрымдары менен  аңгемелешүү өткөргөн. Анын жүрүшүндө, Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин 10 талапкери  боюнча сунуштарына макул болду.