Жаңылыктар
Президент эркин күрөш боюнча балбандарды куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент эркин күрөш боюнча балбандарды куттуктады

Президент Садыр Жапаров Казакстандын борбору Астанада өткөн Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарыбызды да куттуктады. Мамлекет башчысы куттуктоосун социалдык тармактагы баракчасына жазды. 
 "Жумашбек уулу Тайырбек Азия чемпиону болуп, Алмаз Сманбеков экинчи орунду алып, Орозобек Токтомамбетов менен Улукбек Жолдошбеков коло медаль жеңип алып, күйөрмандарын дагы бир жолу кубандырышты.
 Бул азаматтарыбыз келечекте дагы көптөгөн жеңиштерге жетерине ишеничтер чоң. Балбандарыбызды, Азия чемпионатында мыкты көрсөткүчкө жетишкен жалпы курама команданы дагы бир жолу куттуктап, машыктыруучуларга ыраазычылык билдирем. Алдыда сиздерди күтүп турган ири мелдештерде, анын ичинде Париж-2024 олимпиадага даярдыктарда ийгиликтерди каалайм" - деп жазды президент.