Жаңылыктар
ГДРди кайра калыбына келтирүү тууралуу пикирлер көбөйүүдө
Дүйнө
ГДРди кайра калыбына келтирүү тууралуу пикирлер көбөйүүдө

Россиялык “Аргументы Недели” басылмасы “ Германияда   Германия Демократиялык Республикасын кайра калыбына келтирүү тууралуу пикирлер көбөйүүдө”аттуу макаласын жазып чыкты. Гезиттин айтымында айрым немис саясытчылары жана маалымат каражаттары Сириядагы согуш үчүн, Россияга карата санкцияларды күчөтүү  чакырыктарына карабай   каршы пикирди карманышууда.

Өзгөчө мурда ГДРге кирген аймактарда  нааразалык күч алууда-дейт орус гезити . Бул көз  караш менен  мамлекеттин канцлери Ангела Меркель эсептешүүгө туура келип жатат. Ушундан улам,  Der Spiegel  журналынын маалыматы боюнча ал Алепподогу кырдаалга байланыштуу, Москвага каршы  жаңы санкцияларды киргезгенге кызыктар эмес.  

1990 –жылы  Михаил Горбачёв  ГДРди текейден арзан саткан. Буга карабай өлкөнүн чыгышындагы немистер Россия менен кагылашууну каалашпайт-деп белгилейт аталган басылма. Тескерисинче, Берлин Москвага каршы санкцияларды  токтотуш керек.  Мисалы, Мекленбург – Алдыңкы  Померания  аймагынын премьер-министри Э. Зеллеринг эки мамлекеттин ортосунда санкцияларды токтотуу зарыл деген талабын койду. Анын айтымында,эки өлкө   мүмкүнчүлүк болсо жогоруда айтылган көйгөйлөр боюнча бир пикирге келүүсү зарыл . Себеби , бул аймак  өндүргөн продукциясын Россияга сатчу. Дал ушул себептерден   экономикалык  кыйынчылык жаралууда. 

Чыгыш Германия өзүнчө өлкө болуп турганда жарандары үчүн жаңы  ишканаларды куруп, жумушчу орундар  менен камсыз кылган.  Эки Германия 1990-жылы бириккенден кийин, бардык ишканалар жабылган. Саксония чөлкөмүнүн  премьер-министри жогоруда сөз болгон кесиптешимдин талабына  кошулам деп билдирген.

Адегенде Берлин   чыгыш немистердин пикирине анча көңүл бурган эмес. Бирок Ангела Меркелдин администрациясы  акыркы шайлоодо ушул жүйөлүү сунуштарга  маани бере баштады. Анткени Чыгыш Германия менен  расмий Берлиндин ортосунда карама-каршылык көбөйүүдө. Кээ бир серепчилер тамаша иретинде жакынкы арада Германияда, Украинадагыдай Донецк жана Луганск өңдөнгөн республикалар пайда болобу—деп айтууда.

Германиялык  Der Spiegel  журналы  «”Баардыгы Ислам мамлекети “-деп аталган террордук уюмга каршы согушууда» аттуу макаласы жар салды. Басылманын көз  карашында Ирактын Багдаддан кийинки экинчи шаарын    ДАИШтен   бошотуу операциясын   25  миң  аскерди камтыган  бириккен  коалиция баштады.

Бирок ушул коалиция ар түрдүү улуттар менен диндеги жоокерлерден куралган. Демек алар тең укуктуу эмес. Эмне үчүн деген суроо жаралат? Бул суроого Der Spiegel  журналы жооп  бергенге аракет кылган.

Биринчи курд пешмерга-деп аталган Ирактын түндүгүндөгү курд автоном аймактарынын аскер бөлүктөрү-Пешмерганын жоокерлери Масулдун көпчүлүк конуштарын көзөмөлдөөгө жетишти. Алардын саны 4000миңге жетет. Пешмерганын максаты калаанын баардык конуштарын  көзөмөлгө алуу. Долбоор боюнча пешмерга Багдадтын аскерлерине көмөк көрсөтөт. Бирок шаардын ичине кирбейт деген келишим бар.

Экинчиси Ирактын улуттук  армиясы . Вашингтон даярдаган аскерлер калаага чабуулду биринчи башташ керек. Андан кийин булар Масулга ”Ислам мамлекети “ деп аталган террордук топко каршы  күрөшүп такшалган атайын багыттагы бөлүктөр менен кирип барат.  Жогоруда айтылган долбоор боюнча ,  армияга  полиция жардам берет. 

Үчүнчүсү  шиит  согушкерлери. Алар Мосулду бошотконго биз да катышабыз деп жар салышкан. Бирок шиит согушкерлеринин операцияга катышуусу таатал процесс. Себеби  Масул — Ирактагы  сунниттердин ордосу. Сунниттер  шиит  согушкерлери калааны бошотууга катышпасын деп каршылыгын билдиришти. Шиит күчтөрү Нинава чөлкөмүндөгү жашаган суннит калкын талап–тоноп, айласын кетирет деген кооптонуу бар. Эгерде мындай көрүнүш  болсо, анда коалиция таркайт-дейт макаласында  Der Spiegel.

Төртүнчү  Түркия. Анкара     Масулдун жанында  2000 аскерин жайгаштырды. Түрк жоокерлери    ирак  аскерлерин даярдыктан өткөрүүдө. Анкаранын  маалыматы боюнча , алар даярдаган  Масул тарапка атайын 1500 адамдан турган топ жөнөтүлдү. Бул бөлүктүн  ичинде шиит, христиан, езид жана  түркмөндөр бар. Түркия калааны  бошоткотконго салымын кошоорун билдирди.  

Бешинчи эл аралык коалиция  менен жергиликтүү  ыктыярчылар. Эки жылдан бери Америка Кошмо Шттары жетектеген  альянстын учактары   Иракта  иш –аракетин жүргүүзүдө. Булар чабуулдарга көмөк  көрсөтүп, Масулга абадан сокку уруп жаткан учуру. Ирактын  армиясынын тарабында  бир нече миң  жергиликтүү суннит согушкерлер менен  уруулардын  бөлүмчүлөрү согушуп жатат. Аларды да   түрк  аскерлери даярдыктан өткөргөн.  

Алтынчы Курдистан жумушчу  партиясынын согушкерлери. Бул партиянын жоокерлери  Моусулдун түндүк –батыш жагында жайгашты. Анкара жогоруда сөз болгон  партияга көп жылдан бери күрөшүп келүүдө. Буга карабай ушул согушкерлерди  түрк аскерлери менен чогуу операцияга  пайдаланса болот. Ошол эле маалда суннит менен шииттер жана курд менен түрктөрдүн ортосунда карама каршылык көп. Эгерде булар бири бири менен тил табышпаса, анда Мосулду бошотуу туралуу кыял ишке ашпайт-деп немис басылмасы божомолдойт.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов.

Тааныштырган  Мирбек Сакенов.  Биринчи Радио