Жаңылыктар
17-апрель - Бүткүл дүйнөлүк гемофилия менен күрөшүү күнү
Ден соолук
17-апрель - Бүткүл дүйнөлүк гемофилия менен күрөшүү күнү

17-апрель - Бүткүл дүйнөлүк гемофилия менен күрөшүү күнү. Кыргызстанда бул оорудан жабыркагандардын саны 400дөн ашат. Ооругандарга колдоо көрсөтүү жана ага коомчулуктун көңүлүн буруу максатында спорттук иш-чаралар өттү. 

Ага бейтаптар да келип, өздөрүнүн илдети тууралуу айтып беришти. Гемофилия — тукум кууган оору. Анын генин аялдар алып жүргөнү менен бул дартка эркектер гана чалдыгат. Бул илдет чанда кездешкен тубаса дарт болуп эсептелет. 

Өлкөдө дарт менен күрөшүү күнү - Бүткүл дүйнөлүк гемофилия федерациясы жана дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун демилгеси менен 1989-жылдан бери белгиленип келет. Мамлекет бул илдеттен жабыркагандарга кам көрүп келгени менен дары-дармектер кымбат болгондуктан көпчүлүк бейтаптарда кыйынчылыктар бар.