Жаңылыктар
Азия чемпионаты: Кыргызстан курамасы жалпы командалык эсепте төртүнчү орунга жайгашты
Спорт
Азия чемпионаты: Кыргызстан курамасы жалпы командалык эсепте төртүнчү орунга жайгашты

Казакстандын Астана шаарында 9-14-апрель күндөрү өткөн Азия чемпионатында Кыргызстан курамасы жалпы командалык эсепте төртүнчү орун алды. Ага Кыргызстандан күрөштүн үч түрү боюнча 28 балбан катышкан.

1-орун. Казакстан — 7 алтын, 4 күмүш, 9 коло медаль;

2-орун. Япония — 6 алтын, 4 күмүш, 10 коло медаль;

3-орун. Иран — 6 алтын, 3 күмүш, 4 коло медаль;

4-орун. Кыргызстан — 5 алтын, 3 күмүш, 6 коло медаль.

Грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жусупбеков (97 кг) күмүш, Раззак Бейшекеев (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Роман Ким (130 кг) коло медаль алышты.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Калмира Билимбек кызы (59 кг) коло медаль тагынды.

Эркин күрөш боюнча Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын, Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш, Улукбек Жолдошбеков (65 кг), Орозобек Токтомамбетов (70 кг) коло медалды ээлешти.