Кыргызстанда Кадыр түн 18-апрелге караган түнү белгиленет. Негизинен Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү тосулат.
Кадыр түн, миң айдан да артыгыраак. Бул түндө шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис маселелеринен баяндар окулуп, таң атканча уктабастан, жакшылык тилешет.
Кадыр түндө жасалган ибадат миң айда кылгандан жакшы деп айтышкан. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.