Жаңылыктар
Кыдыр аке – үч доор, үч заманды көргөн элдик даанышман. 1-бөлүк
Маданият
Кыдыр  аке – үч доор, үч заманды көргөн элдик даанышман. 1-бөлүк

Калпыс сөздү айтпаган,

Калыстыктан кайтпаган.

Жакынына тартпаган,

Айтканы элге эм болгон,

Телегейи тең болгон.

Кыдыр акени –

Кызыралейсалам колдогон.

Кадыры калкка тараган,

Калыс болуп жаралган.

Дөөлөт кетпей башынан,

Өз элинен бата алган.

                   Эл оозунда айтылган ыр 

Мундузбек  Тентимишов менен маек

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген  ишмер. Алыкул Осмонов, Жусуп Турусбеков, Төлөн Насирдинов атындагы  сыйлыктардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Алтын калем” сыйлыгынын  жана Эл аралык Түрксой сыйлыгынын лауреаты. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экология  темасында жазган журналисттеринин I фестивалында 1-орунду жеңип алып, алтын  медалга татыктуу болгон. Эки жолу (2003,2004) Кыргызстандын эң мыкты журналисти  деп таанылган. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоосунун отличниги. 59  публицистикалык китептин автору. 

-Мундузбек, гезитке берген бир интервьюнда “...  роман да, повесть да, аңгеме да жазган эмесмин. Жан сүйгөн кесибим журналист  болгон соң, “суу кошпос” журналист бойдон калдым...” деп айтканың бар. Ошол  өзүң сүйгөн  журналисттик  кесибиңде   бейнесин ачкан  каармандарың  ар түркүн кесиптин ээлери, көпчүлүгү  эл-журтка белгилүү  инсандар... “Ысык-Көл тууралуу 1000 баян”  деген китебиңде кимдин баяны бар?    Ысык-Көл өрөөнүнөн  чыккан “Жети  аке” тууралуу   маалыматтарды топтоп жүрөм деп айттың эле..?

-Ысык-Көлдөн чыккан айтылуу 7 акенин эң кичүүсү болгон Кыдыр Байсары уулунун инсандык феноменине жаш кезимден кызыгып, айрыкча, айкындуулук деген ураан менен көп нерсеге ачык үн берген кайра куруу заманынан тарта басма бетинде кеңири айтыла баштаган анын өмүрү жана элдик кишилик парасаты тууралуу ар кандай маалыматтарды, тарыхый иликтөөлөрдү ынтызарлана окуп, өзүбүздүн тегибиз ушул кишиге уруулаш – Бугу элиндеги Арык тукумунан болгон соң, бул жаатта өзүм да журналисттик макала-очерктерди  жазып, уккан-билгенимди жана жеке ой-пикиримди популярдуу үлгүдө таратууга шыктанып калган элем. Андай эмгектердин орчундуусу – “Кыдыр акенин 1000 айы” деген очерким 1993-жылы жазылып, парламенттик “Эркин Тоо” гезитине жарыяланып, кийин “Мен таң калган өмүрлөр” деген публицистикалык китебиме да кирген.

Биз бала чакта айылдагы эски карыялар: “Кайран Кыдыр аке, касиеттүү Кыдыр аке...” - деп - ушунча ыйбаа, дилден чыккан чыныгы урмат менен кеп кылышса, бу “Аке” деген ат көрүнгөн эле уруу же урук билермандарына берилбей, а миңдин ичинен иргелип – акылмандын акылманына, чыгаандын чыгаанына, мындайча айтканда, өз журту, ага алакалаш башка көп журттарга да чоң кадыр-аброю өткөн татыктуунун татыктуусуна, тагдыр аныктаар нечен бир кыйын-кысталыш кездерде “караңгыдан көз, капилеттен сөз” тапкан элге чын күйөрман, элге тутка, дагы терең карап мүнөздөсөк: өз жеке дөөлөт-бактысын жалпы калк ырыскысынан бөлүп карабас, керек болсо, ал үчүн жанын садага чабуудан да кайра тартпаган нагыз ак жүрөк – көйкашка инсанга берилсе керек деп ойлоп калаар элем. Жаңылбапмын!

Ырасында эле, “Аке” деген ат анда ар кошкон уруу-урук бирге өмүр кечирген Көл өрөөнүндө эң бир ардактуу, эл өзү сыйлап ыйгарган сыймыктуу наам болуп, бир чети, адам пендеси аттууда сейрек кездешчү өзгөчө касиет белгиси саналып, ага, биринчи кезекте: акылы, көрөсөндүгү, ынтымак-ырашкерликке данакерлиги, бек кайрат, бата-каргышы ката кетпес олуялыгы, анан түз сүйлөп, көптөн адилет, калыс, чечкиндүү мүнөзү менен айырмаланып, пендени азгыраар мансап-байлыктан мурун ар-намыс сабагын жогору тутуп, шорлогон бечара-карыпка да ар качан ийикчээл-кайрымдуу караган ак жолдуу, элди лидерлик сапатын көрсөтүп ээрчиткен, илгеркилердин таасын сөзү менен айтканда, “кут даарыган” кишилер гана татыктуу болушкан.

Көл өрөөнүндө 18-20-кылымдар аралыгында ошондой 7 аке жашап, алар:

Бугунун Белек уруусунун Желдең уругунан Карга аке (1718-1828);

Бугунун Алдаяр уруусунан Мойт аке (1745-1843);

Дөөлөс уруусунан Сарт аке (1780-1869);

Бугунун Белек уруусунан Тилекмат аке (1800-1863);

Саяк уруусунан Садыр аке (1821-1905);

Бугу ичиндеги Калмак Чурум уругунан Карач аке (1837-1914);

Бугунун Арык тукумунан Кыдыр аке (1843-1926) болушкан.

 

- Ысымы аталган  акелердин кичүүсү Байсары уулу  Кыдыр аке   тууралуу ар түркүн аңыз кептер айтылып жүрөт. Аткени, а кишинин өмүр  жолу татаал окуяларга бай, кылым алмашкандагы кыйын кырдаалга туш келгендиги  маалым...

- Ооба,бул аталган акелердин ичинен, Кыдыр акенин өзү жашаган мезгил жана эл башчы катары жигердүү аралашууга туура келген коом-турмуш агымы, андагы окуялар менен бурулуштардын орчундуу мүнөзү жагынан алардан бир канча айырмаланып турган кызык инсандык тагдыры бар. Неге дегенде, ал бир-бирине окшобос үч доор – үч замандын күбөсү болуп, ат жалын тартып минген күндөн укмуштуу өзгөрүүлөр менен татаал сыноолорго бай 19 жана 20-кылымдардын курч күрдөөлүндө ынтымак-ырашкерлик көздөгөн билгич-билермандыгын көрсөтүп: бирде өз журту – Көлгө алгач көчүп келген Бугунун аксакал уруусу болгон Арык тукуму ичинде кырчылдашкан чыр-чатак, тирешүүлөрдү басса, бирде майда-чоң уруулар өз-өзүнчө жер ээлеп конгон алыс-жакын жактарда “элдештирип эки элди, элчилик кызмат аткарып”, айтор, колдон келген, чамасы жеткен иштердин баарында көч артында эмес, а алаканга от кармап жол баштаган баатырдай ар дайым алдыда жүргөн.

Кыдыр акенин өмүр-тагдырындагы биринчи доор – бул жергебизге орус келе элек кездеги бугу-сарбагыш чабышы сыяктуу эл жүрөгүнө катуу так салган кандуу окуялар менен белгиленген – көлдүк кыргыздар Россиянын букаралыгына өткөн 19-кылымдын ортосу - 1855-жылга чейинки мезгил болсо, экинчи  доор 60 жылдан ашык убакытка созулуп – орус бийлиги жаңы тартип орноткон жана ал тартипти барган сайын колонизатордук катаалдык, ач көздүк менен күчкө сала чыңдаган 1917-жылга чейинки аралыкты камтып, а үчүнчү доор 1917-жылы капыс чыгып бийлик-оомат түшүргөн Октябрь революциясынан кийинки он жылга жетпеген – эстен кетпес “бир кертим” мезгил ченемине туш келген.

Үч доор – үч заманды көргөн өзгөчө тагдырлуу тарыхый  инсан дегенибиз ушул. 

Жылдар тизмеги – календарь барагынан көрүнүп тургандай, 7 аке ичинде Кыдыр аке – дүйнө дүңгүрөтүп, көчмөн кыргызга көп жаңылык алып, негизгиси – кыргыз амандыгы менен, бүтүндүгүнө жакшы жол ачып - жер силкинткендей келген Совет заманын, анын жаңы-жаңы телчигүү жолундагы баарын кайра өзгөртүп – түп-тамырынан курган чоң ураанчыл кадамдарын аздыр-көптүр көрүп калган жападан-жалгыз Аке!

Инсандык бактысы дейбизби, же башкача айтабызбы, дагы бир  өзгөчөлүгү: Кыдыр аке –  көчмөн журт андайдан чочуп-качкан шартта элеси фото түрүндө сүрөткө тартылып калган жападан-жалгыз Аке. Эки-үч мертебе тартылган. Алар улгайып калганда, тагыраагы – өмүр соңунда тартылган сүрөттөр болсо да, биз – эмдиги урпактар үчүн, жалпы улуттук тарых үчүн айрыкча маанилүү. Тилекке каршы, калган алты акенин урпакка элес-келбетин калтырып, таанытып – тарыхый эстелик болгудай эч кандай сүрөтү жок. Ооба, тилекке каршы!

Көлдүк эл заманында акелер жөн-жайын мүнөздөгөндө: “жаш сурасаң -
 Карга акеге бар”, “бата сурасаң – Мойт акеге бар”, “акыл сурасаң – Сарт акеге бар”, “айла сурасаң – Тилекмат акеге бар”, “касиет сурасаң – Кыдыр акеге бар” деп сөз кылышчу экен. Бул бекеринен эмес. Себеп не дегенде, ар бир Аке – ар бир  ошондой аброй-кадыры артык элдик кишинин түк жеңил болбогон жашоо көчүндө: кор кылып, өксүткөн жокту бар кылаар, алсызды – кайраттуу, бактысызды – бактылуу, жолу торолууну жолдуу кылаар касиетине эл анда пириндей ишенип, кыйбас, сыр айтаар боордоштой чын таазим көрсөтүп – бир келген өмүр шарында жана нечен кыйын-кысталыш кырдаалда алардан: кырсык-сыркоосу жок узак жаш, тукум кемитпес бата, акыл, айла жана касиет суроону эч эрөөн-төрөөн көрүшкөн эмес!

Элибиздин туңгуч агартуучусу жана санжырачысы Осмоналы Сыдык уулу 1913-жылы Уфа шаарында “Мухтасар тарих Кыргызия” деген ат менен басылып, 1914-жылы ошол шаарда “Тарих кыргыз Шадмания” деген аталышта оңдолуп, толукталып экинчи ирет жарык көргөн эмгегинде: “Арык уругу эки бөлөк. Бири – Ысык-Көлдүн  күн чыгышында. Кыдыр деген ызааттуу адамы бар”, - деп жазып кеткен. 

Эмесе, журту касиет пириндей санаган Кыдыр акенин өмүр таржымалынан өз билишибизче маалымат берели.

Ал 1843-жылы Сары-Жаздын Кайыңды деген жериндеги Байыш жайлоосунда манап үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Арык тукуму ичиндеги Сейитказы уругунан. Бий даражасы бар манаптыгы, кыргызды коңшу казак, калмактар менен жараштырып, бөөдө чыр, бөөдө кыргынсыз жашоо өткөрүүсүнө ажаат ачкан элчилиги, анан эл тагдырын калыс чечкен атагы жана баатырдыгы менен таанымал болгон Олжобай Түлөберди уулунун небереси. Олжобай бийдин Акымбек деген уулу 1824-1825-жылдары орус бийлиги менен тыгыз алака-катыш түзүү максатында Бугу уруусунун атынан дайындалган элчилерди Россияга баштап барып, эл менен элди жакындаштырууга жасаган, ал элчилик кызматы үчүн орус падышасы тарабынан Александр тасмасына тагылган Алтын медаль менен сыйланганы тарыхтан белгилүү.

Мына ушундай тектүү тукумдан чыккан Кыдыр аке атасынын бир тууган иниси Токсобанын колунда тарбияланып-өсөт. Атасы Байсары мансапка жулунбаган, өтө токтоо, мал-чарбасын карап, аңчылык кылып, өзүнчө тынч турмуш өткөрүүнү туура көргөн жай адам болуп, көп жылдар бейиштей төрлөрү бар алыскы Сары-Жазда жүрөт. Кезинде мүлдө Арык тукумун бийлеп, экинин бириндей даанышмандыгы менен даңкталган Олжобай бий дүйнөдөн өткөндөн кийин, эл бийлөө мансабы Токсоба - уулуна өткөн.

Токсоба төрө баланын кичинесинен дээрдүү, өзгөчө зиректигине назары түшүп, чыкса, ушундан чыгат деп үмүт артып, эл аралаганда кошо ээрчите жүрүп, өзү билген, мыйзамдай колдонгон турмуш сабактарын үйрөтүп, бир тууганынын баласы эмес, а өз баласындай алпештеп чоңойтот. Бүркүт уяда жетилген балапанын аскадан аскага учуруп машыктыргандай, эл башкаруу, эл көйгөйлөрүн чечүү иштерине эртелеп аралаштырат.

Көл өрөөнүндө орус бийлиги барган сайын чыңдалып, 1868-жылы Токсоба Олжобаев Жети-Суу областына караган Ысык-Көл уездинин начальнигинин кенже жардамчысы болуп дайындалып, бул кызматын үч жыл – 1871-жылга чейин аткарган.

Мына ушул жогоруда атаган 1868-жылы Көлдүн күңгөй-тескейинде ар биринде түтүн саны 1000ге жеткен 6 болуштук түзүлүп, Арык тукумунун эли Түргөн-Ак-Суу болуштугуна биригип, биринчи болуш болуп Байгабыл Төлөгөнов дайындалган.

Арадан үч жыл өткөндө, Байгабыл болушту 28 жаштагы Кыдыр аке алмаштырып, ошондон бул кызматты алмаштыруусуз 18 жыл аткарып, жалпысынан болуштук орунга элдин бир кишидей колдоосу менен 6 мертебе шайланган.  

- Кыдыр  аке  орус бийлиги   менен  кандай  алака түзүп, кандай  мамиледе болгон?

-Архив маалыматтарына кайрылсак, Кыдыр Байсары уулунун кадыры ошол адеп болуш болгондо эле зор болуп, кыргыздар гана эмес, орус бийлигинин өкүлдөрүнө да курч акыл, калыс, чечкиндүү мүнөзү менен таанылып, орус чиновниктери ага өз болуштугунан тышкары нечен бир жооптуу иштерди ишенип тапшырышкан. Маселен, ал 30 жашка чыкканда – 1873-жылы, Жети-Суу областынын аскер губернаторунун тапшыруусу менен Текесте өткөн жыйынга катышып, Ысык-Көл уезди менен чектешкен Кытайдагы Кулжа аймагында жашаган казактар, тыргооттор, калмактар, ошондой эле Верный уездиндеги казактар менен Текес жана Каркыра чөлкөмдөрүнүн талаш туудуруп келген чегин биротоло так ажыратуу маселесин өзү баштап барган көлдүк болуштардын мөөрүн бастырып талаптагыдай чечип келген.

Ошондо эле генерал-губернатор, оёздон алган сыйлыктарынын саны 21ге жеткени архив кагаздарында жазылып калган.

Кыдыр акенин аскердик чини подполковник. 

Жети-Суу областынын атынан Россия Сенатына мүчө – 4-мамлекеттик Думага депутат болгон.

Романовдордун такка отурганынын 300 жылдыгында Петербургга тирүү жолборс алпарган.

83 жашында – 1926-жылы Ак-Суунун Кереге-Таш айылында жарыкчылыктан өткөн.

1993-жылы 150 жылдыгы белгиленип, Кереге-Таш айылынын четине бийиктиги 16 метр күмбөз тургузулган.

Кыдыр  акенин  олуялык көсөмдүгү...

 - Кыдыр аке ошончо кадыр-сыйга жетип, өмүр жыйынтыктап дүйнөдөн өтөөр алдында жашоодо не арман, не өкүнүчү калганын сурашат. Эч арман, өкүнүчүм жок, пендем деп баарын берген бир Кудайга таарындым дейт. Бул эмнеси, алжып калган го деп таң калгандарга: “Кудай менден бир жашын аяп койбодубу”, - деп тескери бурулуп жатып алат.  Ошондо 83 жашта экен.

“Таарыныч” себебин дагы сурап көрүшсө: “Киши 84кө чыкса, 1000 ай жашаган болот. Мен ошого жетпей, бир жыл кем – 83үмдө кетип жатпайымбы...” – деп сырдуу сүйлөйт кайран олуя киши.

1000 ай... 84 жаш... Көрсө, бул жашоо-өмүр чеги тегинен болбой, Чыгышта эзелтен келаткан мүчө тартибине салып: аны 12 жылдан мүчөлөткөндө, бөлүнүшү кыргыз ыйык санаган 7 деген санга төп келген жышаандуу жаш эсеби чыгып отурбайбы. Ушуга туугандары таң калышат.

Ал эми 84тү экиге бөлгөндө, өмүрдүн теңи – 42 жаш болуп, аны ай жагынан эсептегенде, туура 500 ай менен белгиленет. 42 да 84төй 7ге так бөлүнөт.

Кыдыр  акенин өмүр философиясына байыркы грек жана кытай философторундай мындай кызык  ой жүгүртүүсү бизди да таң калтырбай койбойт. 

Жарык дүйнөгө туулуп келгени да өзүнчө аңыз. Аны минтип айтышат.

Атасы Байсары нечен жыл Сары-Жазды жердеп, туугандарына аралашпай жүргөн күндөрдүн биринде аңчылыкка кетет. Аң уулоо көп күнгө уланат. Антип кетсе, үйүнө ак селде оронгон, качыр минген бир ак сакалдуу карыя келип түшөт. Жакын арада айыл-апа жок, бул киши кайдан келип калды деп таң калган апасы жылуу жүз менен жаркылдай тосуп алып, үйгө киргизип, төргө калың көрпө салып отургузуп, суусап келдиңиз го деп кер аяк менен кымыз сунат. Кой союп коноктоп, жакшы сый көрсөтөт. Тамак желип бүткөн кезде тиги карыя ыманы ысык келинге ыраазылыгын билдирип: “Балам, бактылуу бол! Ылайым, жамандык көрбө. Көрүп турам, кош бойлуу экенсиң. Эгер эркек төрөсөң, атын Кыдыр кой! Ошол уулуңдун зоболосу көтөрүлүп, элге кереги тийген, эли колдогон азамат болсун. Оомийин!” – деп бата берет.

Эртеси карыя мейманга тамак даярдап, жолдо көп жүрүп чарчаган го, ойгоно элек го деп күн шашкеге чейин күткөн келин өзүнчө тигилген үйдүн түндүгүн жарым-жартылай сыйрып, эшиктен акырын шыкаалап караса, түндөгү карыядан дайын жок. Салынган төшөк – салынган бойдон калып, ага жаткан адамдан эч белги жок.

Аң-таң калган, бир чети, чочулап-корккон келин күйөөсү келгенде иштин бүт жөн-жайын айтат. Өзүнүн үч айлык боюнда бар экенин ачыкка чыгарат. Үйүнө жөн киши эмес, Кызыралейкисалам келгенин баамдаган Байсары ак төбөл кара козу союп түлөө өткөрүп, арбактарга куран окутат.  Алты айдан кийин уулу төрөлөт. Атын алиги Кызырдай карыя айткандай Кыдыр коюп, оң-солго сүйүнчүлөп, чоң той берет.

Жаштайынан: “колунан жакшылык гана келет, улуу-кичүүгө тең, ниети таза, боорукер жана калыс” деген жакшы атка конгон Кыдыр акенин колдоочулары – бири кара чаар, бири кызыл чаар эки жолборс болгон деген сөз элде сырдуу көрүнүш түрүндө айтылып калган.

Чынында, анын касиеттүүлүгү, башкадан бөтөнчө аурасы, айтканы айткандай келген – жакшы бата берсе, сөзсүз аткарылып, а эгер кимдир бирөөгө нааразы болуп, ичи чыкпай калса, анын иши жүрбөй, карайлап калган окуялар ушул күнгө чейин ооздон-оозго көчүп келет.

Өспүрүм  чактагы мындай бир окуясы көп эскерилет. 

Кененбай деген өзүнөн улуу жакын тууганы менен жылкы кайтарып жүрөт. Кар калың түшкөн, кыштын суук убагы экен. Кененбай иниси тамакка кечиккенинен, эмне болду деп издеп барса, жайылган жылкы четинде, дөңдө аты аркандалып, жанында кайтаргансып акбоз атчан аксакал турганын көрөт. Жакындап келсе, аксакал көздөн кайым болуп көрүнбөй калат да, Кыдыр боргулданып тердеп уктап жаткан болот. Айланасындагы үй ордундай жер жаз-жайдагыдай ачыкталып – карсыз. Аябай таң калат. Бул зирек, боорукер-сезимтал, жанда жок таза дил инисин Кызыралейсалам колдогонун сезип, андай касиети мага да жугуштуу болсун деп жерге жата калып бата тилеп, мемиреп уктаган Кыдырды ойготпой аттанып жүрүп кетет.

Тууганчылдыгы, тууганга күйүмдүүлүгү, болоор чыр-чатакты алдын алып, ишти туура акыл, ынтымак менен жайгарган жөн билги сапаты тубаса жаралган касиеттүү даанышмандыгын андан ары арттырган.

Бир-эки мисал. Кийин ушу Көл башынан Көл аягына жер которуп кетип, андагы сарбагыштар менен бирде достошуп, бирде касташып жүргөн Кененбай агасы 77 жашында Ак-Сууга келип көз жумганда, мүрзөсүн касташып келгендер ачып, сөөгүн “жер кусту” кылып сыртка чыгарып, кайра жаап койбосун деп шектенген Кыдыр аке ал жерге кырк күн түнкүсүн кароол койдуруп, кыркы өткөндөн кийин гана: “Эми касташкандар келбейт”, - деп кароолду алдырып салган экен.

Дагы бир чатакта өзүнүн иниси, Токсоба төрөнүн экинчи аялынан туулган уулу Быйтыманды туугандыгы жакын Сарыке уругундагы чек ара күзөтүндө иштеген Деркембай деген киши атып өлтүрөт. Каны кайнаган Сейитказы уругунун жигиттери Деркембайдын туугандарын кызыл уук кылып чабабыз деп жабыла аттанаарда Кыдыр аке ортого түшүп: “Айланайындар, Быйтыман менин иним болсо, Деркембай да – менин иним, бир атанын балдарыбыз, койгула!” – деп бөөдө кан, бөөдө өлүм чыгарчу чабышты токтотуп койгон экен. Кандай акылмандык

Маекти  уюштурган  Гүлмира Кулумбаева