Жаңылыктар
Ош шаарынын ландшафттык дизайны жакшырат
Аймак
Ош шаарынын ландшафттык дизайны жакшырат

Ош шаарынын ландшафттык дизайны жакшыртылат. Бул тууралуу маалымат Ош шаарынын мэри калаанын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасына барып, мекеменин инфраструктурасы жана материалдык-техникалык базасы менен таанышкан учурда айтылды. 

Мэр ишкананын жетекчисине башка өлкөлөрдүн шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча тажрыйбасын карап чыгуу керектигин, анын негизинде калаадагы Курманжан датканын эстелигинин жанындагы аянтты оңдоп-түзөө боюнча долбоорду даярдоону, күнөсканалардын санын көбөйтүүнү, жашыл аймактарды жакшыртуу үчүн айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдаланууну тапшырды", - деп айтылат маалыматта.