Жаңылыктар
Курулуп жаткан үйлөр жер силкинүүгө канчалык деңгээлде туруштук бере алат?
Кыргызстан жаңылыктары
Курулуп жаткан үйлөр жер силкинүүгө канчалык деңгээлде туруштук бере алат?

Бишкекте курулуп жаткан үйлөрдүн коопсуздугуна арналган жыйын болуп өттү. Иш-чарага чогулган сейсмологдор, эколог, илимпоздор жана мамлекеттик тармактын өкүлдөрү, курулуп жаткан турак-жайлар жер силкинүүгө канчалык деңгээлде туруштук бере ала турганын талкуулашты.

Көп жылдан бери курулуш тармагына байкоо жүргүзүп келе жаткан адистер акыркы жылдары өсүш алган үйлөрдүн бир тобу сейсмикалык талапка жооп бербейт деген баасын берүүдө. 

Сейсмология институту тарабынан тектоникалык жарака кеткен жерлердин кайсы жерде жайгашканы, көлөмү так көргөзүлгөн карта түзүлүп, архитектура жана облус башчыларына берилген. Ага карабай тыюу салынган жерлерге турак-жайлар мыйзам бузуу менен курулуп жатканы айтылды.