Жаңылыктар
«Оперативдүү» бажысы контрабандалык балдар кийимдерин алып келүү фактысын аныктады
Кыргызстан жаңылыктары
«Оперативдүү» бажысы контрабандалык балдар кийимдерин алып  келүү фактысын аныктады

Оперативдүү» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн «кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарларды жалган декларациялоо фактысын аныкташкан.«Түштүк-Батыш» бажысынын «Мегалогистик» БТЖсында «Volvo» маркасындагы унаа текшерүүгө алынган. Бажылык текшерип кароодо автотранспорттун жүк бөлүгүнөн декларацияланбаган ар бир кутуда 20 даанадан 50 коробка өлчөмүндө шым менен балдардын костюмдары табылган. Товардын жалпы салмагы 432 кг болгон.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.