Жаңылыктар
Окуучуларды митингге чыгаргандар жазаланабы?
Кыргызстан жаңылыктары
Окуучуларды митингге чыгаргандар жазаланабы?

Мектеп окуучуларын акылга сыйбаган ишке түрткөн тараптар, тиешелүү жазаларын алууга тийиш. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин депутаттары айтып чыгышты. Бүгүн эртең менен, Бишкектеги №1 мектеп-интернатынын окуучулары мурдагы директору менен мугалимдерин кызмат орундарында калуусун талап кылып, митингге чыгышкан. Бул көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө. Алар айрым жетекчилердин тымызын оюндарына балдардын колдонулушу мыйзамсыз көрүнүш экенин белгилешүүдө.