Жаңылыктар
Төө-Ашууда бороон болуп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Төө-Ашууда бороон болуп жатат

Сосновка постунда жеңил унаалар үчүн киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. 

Учурда Төө-Ашууда бороон басыла элек. Буга карабастан жолчулар менен жерине тартылган техникалар жолду тынымсыз тазалап, инерттик материалдарды чачып жатышат. 

Кырдаалга жараша кошумча маалыматтар берилерин мекемеден кошумчалашты.