Жаңылыктар
«Чоң Кемин» паркындагы кызыл китепке кирген жаныбарлар
Кыргызстан жаңылыктары
«Чоң Кемин» паркындагы кызыл китепке кирген жаныбарлар

Былтыр ноябрь айында Чүй облусунун Кемини районундагы «Чоң Кемин» мамлекеттик паркынын Тору-Айгыр кыдыртмасына жапайы жаныбарларды изилдөө максатында фотокапкандар орнотулган. 

Бардык болуп мындай жабдуудан 9 даана коюлган. 5 айдын аралыгында фотокапкандарга парктагы сүт эмүүчүлөрдун 8 түрү катталган. Алардын арасында кызыл китепке кирген бугу-марал, сүлөөсүн, суусарлар бар. 

Мына ушул тоо жаныбарлары «Чоң Кемин» мамлекеттик паркынын Тору-Айгыр кыдыртмасында жүргөн видеолору жарыяланды. Ал тасмалар фотокапкандарга жазылып калган. 

Эскерте кетсек, фотокапкан алдында кыймыл пайда болгондо автоматтык түрдө иштеп, маңдайындагы кыймылды видео же сүрөткө түшүруп калат.