Жаңылыктар
Бүгүн мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнү

Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун көзү тирүү болгондо быйыл 106 жашка толмок. 

Ал 1910-жылы 25-октябрда, Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Коомдук ишмер 1945-жылы Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылдан 1961-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. 

Белгилүү коомдук ишмерге ушул жылдын 11-октябрында Кыргызстандын өкмөтү тарабынан эң жогорку даражадагы “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамы ыйгарылган.