Мундузбек Тентимишов менен маек
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Алыкул Осмонов, Жусуп Турусбеков, Төлөн Насирдинов атындагы сыйлыктардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Алтын калем” сыйлыгынын жана Эл аралык Түрксой сыйлыгынын лауреаты. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экология темасында жазган журналисттеринин I фестивалында 1-орунду жеңип алып, алтын медалга татыктуу болгон. Эки жолу (2003,2004) Кыргызстандын эң мыкты журналисти деп таанылган. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоосунун отличниги. 59 публицистикалык китептин автору.
- Кыдыр акени комузчу, күүчү деп да айтып жүрүшөт...
- Атактуу “Кыргыз көчү” күүсүн чыгарган ыраматылык Асанбек Кыдырназаров бир жолу телевизордон Кыдыр акенин “Төгөчү” деген күүсүнүн тарыхы жөнүндө кызык аңгеме айтып бергени эсимде.
Жайбы же күзбү, бир жолу улгайып калган Кыдыр аке байбичеси Маана (ал кадимки Тилекмат акенин кызы болгон) экөө дөңдө отурса, маңдайда түздөн ат жарыштырып куушкан жигиттер чыгат. Алардын ичинен бир жигит тимеле куюндай зымырап, башкаларга жеткирбей тай чабым алдыга кетет. “Бали, азаматтын азаматы экен, ат кулагы менен тең ойногонун кара, аты да, өзү да куп келишиптир. Бул ким болду экен?” – деп катуу суктанат. Анда байбичеси: “Ботом, ушинтип да айтчу беле. Карып бараткансың го. Ал – өз балаң Төгөчү эмеспи!” – дейт. Антсе: “Ай, түгөнгүрдүкү, көз кургур бүлбүлдөп тааныбай калган турбайымбы. Эми болбой калды, болбой калды...” – деп Кыдыр аке санын чаап, жерди бир муштаган экен. Уулуна көзү тийип калганын сезет. Ошол эч кимге караандатпай, ат кулагы менен тең ойногон жигит Төгөчү деген жакшы көргөн уулу болуп, ошондо 18де экен.
Үйгө кайтып, төрдө Кыдыр аке бушайман ойго батып отурса, күңгөйдөн Садыр аке баштаган бир топ киши келип түшөт. Жолоочу болуп баратышса керек, учураша кетели деп кайрылгандарын айтышат. Демек, убакыт чектелүү. Антсе да, конок камы жасалып, жараган чоң ирик союлуп, аркы-берки кептерди сүйлөшүп отурушат.
Аңгыча жигиттеринин бири кирип, Кыдыр акеге Төгөчү ат чабыштан келип эле онтоп жыгылып, өргөөсүндө чабалактап кыйналып жатканын шыбырайт. Уулуна көзү тийгенин анык түшүнүп, ошентсе да, конокторго эч сыр алдырбай, кайран киши жигитке бара бер дегендей ишарат жасайт.
Эт бышып, табак тартылаар маал келет. Колго суу куюлуп, алдыга дасторкон жайылат. Ошондо, баягы жигит кайра кирип, Төгөчү жаңы эле үзүлүп кеткенин шыбырайт.
Кыдыр аке аны менен сыртка чыгып: “Эч чуулдабагыла, жоктоп өкүрүк салбагыла, болоор иш – болуптур, эми коноктор тынч аш жеп, тынч узасын. Ошондон кийин өкүргүлө”, - деп тапшырып, үйгө кайра эч сыр алдырбай кирет.
Эт желет, бата тиленип, колго суу куюлат. Коноктор аттанмакчы болгондо, Кыдыр аке аярлай тургула дегендей обдулуп, керегеге илинген комузун алып, ойлуу калыпта кандайдыр сырдуу күү чертет. Анын эмне күү, эмне арман белгиси экенин даанышман Садыр акеден башкалар сезбейт.
Коноктор аттанып жөнөп кетишет. Аттангандан үн катпай келаткан Садыр аке бир топ жерге узап калганда жанындагыларга кайрылып: “Силер байкабадыңар. Кыдыр эмне күү чертти – туйбадыңар. Башына чоң мүшкүл түшүп – жандай көргөн баласы өлгөн турбайбы, мындайда болчубу, кайра артка кайталы, үйүнө “боорум” деп бөйрөк таянып өкүрүп баралы”, - деп ат оозун бурдуруп, жабыла өкүрүп түшүшкөн экен. Төгөчүгө ошондон кийин чуу чыгат.
Кайран кишилер, кайран даанышмандар!
Бири – өзү акылын да, элдик кишилик курчтугун да өзгөчө сыйлаган Садыр аке тынч даам татсын, тамак үстүндө капага салбайын, көңүлүн бузбайын, укса, ат үстүндө уксун деп өз уулунун өлгөнүн да дароо айтпай жашырса, экинчиси - ал кайгы, ал арманды туюк сыр менен черткен алиги күүсүнөн эле сезип коюп жатпайбы.
Кыдыр акенин алгач Садыр акеге угузганы – эч даярдыксыз, эч маштоосу жок чыгарган ошол күүсү элде “Кыдырдын арман күүсү” деп да, “Төгөчү күү” деп да аталат.
Дагы бир окуя. Көл башында айтылуу бай Солтонкулдун ашы берилип, анда Кыдыр акенин Казакбай деген жигити эр сайышка түшөйүн, батаңызды бериңиз деп суранып калат. “Ушу сен бирөөнүн убалына калганы турасың, эр сайышка түшпөй эле койчу”, - деп ага макулдук бербей коёт. Антсе, ансайын делөөрүп алган Казакбай “кызыл камчыга” түшөйүн деп уруксат сурайт.
Кыдыр аке жигитине коён томуктун дүмүрүн берип, бир колуң менен сындырып көрчү дейт. Тиги аны сол колу менен бычырата кармайт. Ошондо: “Ушу сен чыкпай эле койсоң болмок”, - деп кыйылып жатып, ичтен кооптоно макулдугун берет.
Казакбай белден өйдө денесин жылаңачтап, колуна жалгыз камчы кармап чыкса, атаандаш казак жигит ээринин кашына сегиз камчы илип чыгыптыр. Сабаш башталганда эле казак тигинин жонуна камчысын ойнотуп, беш-алты чапканда далысы тилинип кетет. Жаны ачып, ызалана түшкөн Казакбай обдула камчысын катуу шилтегенде, аттан күп эте кулап түшүптүр. Көрсө, камчы атаандашынын көкүрөк этин дал ортосунан тилип, учу боорунун четин жарып кеткен экен. Чай кайнамга жетпей кансырап өлөт.
Кыдыр акенин эскертүүсүн, кырсыкты алдын алганын ээленген Казакбай ошондо укканда эмне деп эл өкүнүү менен баш чайкайт.
Азыркы атактуу хирург, академик, Эл Баатыры Мамбет Мамакеев Кыдыр акенин батасы менен жаралган бала экени көп эле айтылып, жазылып жүрөт. Өзү да арбагына таазим эте сөз кылат.
Анын таржымалы мындай:
Жаз, үзүмчүлүк маалы экен. Жергез суусунун Жыргалаңга куйган жеринде 60 түтүн айлы менен турган бай курбусунукуна семиз малы бардыр, кантип союп коноктобосун деген ниетте Кыдыр аке он чакты киши менен жөнөп калат. Ошончо киши үзүмчүлүктө топ болуп келатканын алыстан көргөн битир бай эч кимди алдынан тостурбай, өзү ашкана үйгө кирип жашынып калат.
“Бай үйүндө жок”, - деп башка чапкандай жооп кайтарган айылдын ал тейин көргөн Кыдыр аке өзүнчө кейип: “Атаңдын көрү, айылдын пейили кетип калган экен. Эми бул айыл – айыл болбой калыптыр...” – деп сүйлөнөт да, атынын башын буруп, жандагандар менен күн батыш тарапка кетет.
Айтканындай эле, кийин сараң байдын Чоң-Жергез аталган айылы – айыл болбой, чоң жолдон окчун калды деген шылтоо менен эли Жергез жана Сары-Камыш айылдарына көчүрүлүп, орду айдоо жерге айландырылыптыр.
Антип пейили тар курбусунан көңүлү муздап узап баратып, жолдон жалгыз боз үйлүү жатакчы конушуна туш келишет. Үй ээлери жаш жубайлар экен, атчандарды алыстан көргөн келин үйгө чуркап кирип, бир аяк жарманы тиги ак сакал карыя баштаган кишилерге жуткур деп күйөөсүнө карматат да, өзү калган жарманы көөкөргө куюп үйүнөн чыгат.
Жармач түтүн экенине карабай, пейилди кең салып аяк сунган жубайларга ыраазы болгон Кыдыр аке алакан жайып: “Айланайын уулум, келиним, эки дүйнөдө жамандык көрбөгүлө. Уулдуу болуп, уулуңар эл кереги, эл кызматына жараган азамат болсун. Оомийин!” – деп батасын берип кеткен экен.
Касиеттүү кишинин батасы менен жаш жубайлар күздө Мамбет деген тун уулдуу болушат.
- Кыдыр аке Романовдордун такка олтуруусунун 300 жылдык салтанатына катышкан, Петербург шаарына тирүү жолборс алып барып, орус падышасына белек кылгандыгы тууралуу таң калаарлык маалымат айтылып жүрөт...
- Биринчи дүйнөлүк согуш чыгаар алдында – 1913-жылы андагы Пржевальск уездинин гана эмес, борбору Верный – азыркы Алматы болгон Жети-Суу областынын эки тизгин, бир чылбыр кармаган дөө-шааларына да 18 жыл болуш болгон эл башкаруучуулук, акылгөй кеңешчилик, ары жагы Кытайдагы Текес, Кулжа, түндүгүнөн албан уруусу баштаган көчмөн көп уруулары бар казакка чейин барып аткарган элчилик кызматы, ошондой эле жер шартын мыкты билген адам катары адегенде – 1864-жылы орус аскерлери гарнизон болуп турган Ак-Суу чебинин Караколго көчүрүлүп, бара-бара Караколдун уезд борбору жана белгилүү шаарга айланышына кошкон салымы менен айрыкча кадыры өткөн Кыдыр акенин падыша Романовдордун такка отуруусунун Санкт-Петербургда белгиленген 300 жылдык салтанатына зор империянын мамлекеттик Думасынын депутаты – Сенат мүчөсү болуп туруп область атынан шайланган расмий өкүлдөрдүн тобунда барып катышкан окуясы тууралуу айтсак, ал – өзгөчө кызык, сыймыктануучу таржымал.
Архивде сакталган орус бийлигинин документтеринде фамилиясы адеп – Токсабин, кийин Байсарин болуп жазылган эл лидеринен ошондо Иванов деген оёз: “300 жылдыкка башка уезддер тартуусунан айырмаланган кандай белек камдайбыз, сиз Петербургга эмне алпаргыңыз келет” деп сураганда, кайран киши такалбай туруп: “Биздин тоолуу чөлкөмдүн кандай экенин таанытаар тирүү жолборстун күчүгүн алпарганыбыз туура”, - деп жооп берген экен. Бул сунуш оёзго да, Верныйдагы губернаторго да жагат.
Бирок, жолборс күчүгүн оңой кармата койчубу, аны кантип кармоо керек? Маселе ушуга такалат. Айланы Кыдыр аке өзү табат. Жети-Өгүздө туруучу Казакбай (айрым варианттарда Кончой,Чонтой деп да айтылып жүрөт. Ред.) деген атактуу мерген оюна түшөт. (айрым варианттарда Чонтой) Антип ойлогон менен, иштин кыйыны: Казакбай 85ке чыгып карып, карылык айынан аңды таштаганына көп болуп, ноокастап төшөктө жаткан кез болот. Не болсо да, көрө жатаарбыз деп ошол карыяга жөнөйт.
Экинин бириндей эл кишиси келгенин уккан кары мерген төшөктөн баш көтөрүп, сөз жайын кунт коё тыңдап: “Жолборс алыс төрдөгү токой-черде болот. Түнөк-үңкүрүнө адам жакындатпайт. Иттей көп туубайт – көбүнчө экиден гана тууйт. Күчүгүн алыш үчүн күн-түнү аңдып, баскан чыйыр, ичкен суу, алган олжосуна чейин кылдат көз салуу керек. Айрыкча, эне жолборско шек бербөө керек. Болуптур, Кыдыкем өзү келген соң, шагы сынбасын, кайда калбаган оору, мени тургузгула да, кийинткиле, жол тарталы. Жолборс көзүн жазгыруу, изден жаңылтып, үңкүрүнө жакындатпоо үчүн күчтүү ийленген эки кап насыбай камдап алгыла”, - дейт.
Казакбай мергенди алды-артына жууркан коюп атка мингизип, Кыдыр аке баш болгон топ киши кошо жөнөп кетишет.
Жолборс ушунда деген токойлуу төргө жетишет. Казакбай аттарды алыс байлатып, өзү көрүп жүргөн белгилүү бир жердеги үңкүрдө күчүктөрү гана калып, эне жана ата жолборс аңга кеткенин байкаган соң, ага баруучу чыйыр-издин баарына кош уучтап насыбай чачтырат. Эми күткүлө да, бириң кирип үңкүрдөн бир күчүк алып чык, экөөнү алууга болбойт, анткени, эне жолборс артыбыздан кууп, айылга чейин түшүп жарып салуудан тартынбайт дейт. Ал эми чыйыр-издерге насыбай чачтырганы, эгер эне-ата жолборстор кокус кайтып калса, ошол насыбай жытынан жыт сезгичтигин жоготуп, сестенип-чочулап, үңкүргө дароо жете албай көпкө буйдалып калышат экен.
Ошону менен күчүктү оңой эле алып, артка кайтышат. Кайткан жолго да насыбайдан калың чачышып, аскер тили менен айтканда, издерин “маскировкалап” кетишет.
Карыя мергендин ноокастыгына карабай өзүн сыйлап аттанып барганына, жолборс үңкүрүн таап берип, алигидей адам таңданчу жол менен “сый кылчу күчүктүү” кылып ажаат ачканына эргип-кубанган Кыдыр аке ага терең ыраазычылыгын билдирет.
Атайын кооз капаска салынган жолборс күчүгү ошентип Ысык-Көлдөн Петербургга жетет. Адегенде Верныйдан трашманке менен жөнөп, темир жол башталган шаарлардын биринен поезд менен кетишет.
Петербургда шаңдуу салтанат иш-чараларына катышып, Россиянын кандай зор империя, чексиз аймактуу, түмөн калкы бар, капитализмди беттеген – көп колониялуу мамлекет экенин өз көзү менен көрүп, кымбат белек-бечкектер менен кайтат Кыдыр аке. Романовдордун ал 300 жылдык салтанатына Кыдыр акеден башка белгилүү кыргыз атуулдары барып катышканын тарых барактарынан таба албадык.
- Кыдыр акени угушканда, 1916-жылдагы кандуу Үркүн болмок эмес деген да сөз бар...
- Ушуну Үркүндү көргөн илгерки кишилер шыпшынып көп айтышаар эле. “Мен орустун кандай экенин көрүп келдим, алар аттын бүт түгүндөй көп эл болсо, биз, кыргыздар, ошол аттын кашкасындай эле элбиз. Азбыз, чачкынбыз. Орусту кармашып жеңе албайбыз, тынч оокат кылып, өз күнүбүздү көрөлү деп оолуккандарга айтса, кайран олуя Кыдыр акени укпай коюп жатышпайбы”, - дешчү.
Мунусу чындык.
1914-жылы биринчи дүйнөлүк согуш башталып, эки жылдан соң – 1916-жылы жайда согуштан алсыраган Россия кошумча резерв издөөгө аргасыз болуп, ак падыша колония саналган чет-жакалардагы элдерден аскер алынбайт деген тартибин бузуп, алардын 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерин оорук жумуштарына тартуу жөнүндө жарлыгын чыгарган.
Бул башынан көчмөн, тоодо жашаган кыргыздарга көктөн кызыл от түшкөндөй эле болгон.
Нааразылыктар күчөп, балдарыбызды согушка жибергиче, өзүбүз өлөбүз, ак падышанын мунусу туура эмес, жерибизди, эркибизди алды, эми карманаар балдарыбызды алабы, кармашса – кармашабыз, биз бийлигинен коркпойбуз деп момун эл катуу көтөрүлгөн. Элдин мындай толкуусу акыры кан менен бүтөөрүн көрөгөч дилинде сезген акылман Кыдыр аке ошондо аттуу-баштуулар алдына чыгып: “Биздин балдар согушпайт. Оорук жумушун кылып: аскерлер баш катчу жай казып, аларга ок-курал, азык-түлүк ташып, ат багып, отун камдап, дагы түрдүү чарба жумуштарын жасап кайра келишет. Казактар, өзбектер, татарлар, Чүй, Талас, түштүктөгү туугандар деле жибергени жатышпайбы, акыл карманалы, эртеңкибизди ойлойлу, бөөдө кыргын болбойлу десек, балдарыбызды жиберели”, - десе, Каракол, Түп, Сазановка, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Балыкчыдагы үркөрдөй орустарды чапсак эле, кыргыз – кыргыз болуп, балдарыбыз үйдө калат деп жел өпкө болгондор угушпайт. “Сен оруска сатылгансың, орустан сыйлык-даража алып, алардын сөзүн сүйлөйсүң”, - деп ыза кылгандар да чыккан.
Кыдыр аке андайларга кулак салбай, өзү бийлик кылган – сөзүн эки кылбас Арык тукумунун көп жигиттерин оорук жумушуна жөнөткөн. Алардын ичинде айтылуу балбан, кийин Россияда калып, граждандык согушта Колчакты талкалоого катышып, казактын Семейинде туруп калып, ал жерде “Абайдын кыргыз баласы, Мухтар Ауэзовдун шилекей алышкан досу” деген атка конгон Бөлтүрүк Чормонбай уулу да болгон.
Ошентип, кирген суудай көтөрүлгөн эл баары бир көтөрүлүш баштап, ортодо жазыксыз көп кан төгүлүп, жазалоочу аскерлер артынан кууганда октон, кылычтан, анан ашуу, талаа-түздөрдө сууктан, ачкачылыктан боо-боо түшүп өлүп, Кытай жергесинде кандай шор-азап тартып, бери дегенде, жарым миллиондой (!) санын кемитип кайткан трагедия баяны айтпасак да белгилүү.
Үркүндү көргөн чоң ата, чоң энелерибиз тарткан азап-тозокторун муңдана айтып келип: “Адеп Кытайга качканда, арттан кууп жеткен жазалоочу аскерлер “биз Кыдыр акенин туугандары болобуз” деп койсок, жалтырак буюм-тайым, жакшы аттарыбызды зордуктап тартып алышса да, өзүбүздү өлтүрбөй аман калтырышкан”, - деп айткандарын көп жолу эшиткеним бар. Көрсө, алар аскердик полковник чини бар Кыдыр акенин оруска кандай кызматы өткөнүн, кадырын билген үчүн, журттан калбай тербиген туугандарын башка уруулар кишилериндей кызыл кыргынга салуудан “жазганчу” окшобойбу...
Кыдыр аке Кытайдан азып-тозуп кайткандарды чамасы жеткенче канатына катып, өч алабыз деп мылтык-кылыч сунган орус зөөкүрлөрүнөн коргоп, жаңы Совет бийлиги менен да тил таап иштешип, көп адам өмүрүнө аралжы болгону Көл элинде чоң ыраазычылык менен эскерилет.
Анда өзү дүйнөдөн өткөн Ак-Суунун Кереге-Таш чөлкөмүндө “солдат жол” деген аскерлер өтчү жол болгон экен, ошондо бараткан качкындарды кармап алып өлтүргөн орустарды тыйган да, ал жолду коопсуз кылган да Кыдыр аке болгон дешет. Ошол заманды, кандуу Үркүндү өз көзү менен көрүп, ал тууралуу чоң дастан жазган жети-өгүздүк айтылуу Алдаш молдо Бугу уруусу ичинде Кыдыр аке лидери болгон Арык тукумунун жашоо-турмушунан маалымат берүү менен:
Жыргалаң менен Түргөндү,
Ондон, Сарыке жүргөндү,
Таштабайын көргөндү.
Ондон, Сарыке эл эле,
Оокат кылган жер эле.
Ак-Булак менен Боз-Учук,
Эки-Жергез, Чоң-Ак-Суу,
Кереге-Таш, Сары-Камыш,
Кара-Бөлтөк, Кара-Чий,
Караколго киргенче,
Бир болуштун жери эле.
Баарысынын үлкөнү,
Байсарынын Кыдыры,
Жашы үлкөн кары эле,
Калыстыгы бар эле... – деп жазган.
- Саяпкер, мүнүшкөрлүгү. Өнөр кишилерине таламдаш болгону...
- Жаштайынан күлүк таптап, күлүк, жорго аттар жайын мыкты билген адам болгон. Тайкашка деген атактуу күлүгүн айтышат. Текесте өткөн Эрсары деген баатырдын ашында ошол күлүгү миң жылкы сайылган баш байгени жеңип алып, зоболосу аябай көтөрүлөт. Ошондо, ал жерлик бир олуя сынчы: “Ушундай күлүк таптаган мунун ысмы эле Кыдыр эмес, өзү да Кыдыр экен! Мындайды эки катын эптеп төрөбөсө, жалгыз катын төрөй албайт”, - деп батасын бериптир.
Анан саяпкерлигин мыкты билгендер, өздөрү саяпкерлик кылгандар күлүк таптоо жайын дайым Кыдыр аке менен кеңешип, таптаган күлүктөрүн калыс сынынан өткөрүп, анан барып гана байгеге кошушчу экен. Бирок, анын баары байгеден кур кылбаган Тайкашка атына жетпептир.
Тайкашка 13 асый болгон кезде Каркырада атактуу адамдын ашы өтүп, аны жарышка салбай койсо, жалпы Арык тукуму суранып, жаалаганда Кыдыр аке макул болот. Бирок, Тайкашка бутунан басынып, орто жолдон чыгып калат.
Ошондон кийин атактуу күлүгүн аяп, мурдагыдай таптабай, сырттын чөбүн оттоп оңолуп кетээр деп Сары-Жаздагы жылкыларга кошуп жиберет. Бүркүттүү деген жерде жылкыларга карышкыр тийип, бир тобун ач бөрүлөр туш-туш жактан талап киргенде, Тайкашкага да курч азуулар кирип, алган жарааты айыкпастан күчөп, мал болуудан калат. Тайкашкадан кийин Кыдыр аке күлүк таптабаптыр. Ошентсе да, не бир күлүктөр менен жорголорго сын коюп, чыкчуларын да, чыкпай артта калчуларын да жаземдебей билген тубаса саяпкерлиги укмуш болгон экен.
Мунун бир мисалы катары, 1913-жылы Кара-Кужурда өткөн Кененбай агасынын ашында анын байгеге чабылчу күлүгүн көрүп сын бергенин айтсак болот. Бир күнү ай толгондо сыртка чыгып, баягы күлүктүн ай жарыгында кандайдыр башкача жатышына таң калат. “Күлүк минтип жатчу эмес эле. Арбакка атап мал союп, куран окутсаңарчы. Болбосо, баш байгени албайт”, - дейт. Анын сөзүнө Кененбайдын балдары маани беришпей, карган киши айта берет дегенчелик кылып, мал союп куран окутушпай, байгеге кошот. Иш жөнү Кыдыр аке айткандай болот.
Ар дайым ителги, бүркүт таптап, куш салуу өнөрүнө ышкы түшүргөнү да өзүнчө аңыз. Айрыкча, ителги менен каз-өрдөк, кекилик, чил, кыргоол, тоодак сыяктуу куштарды алдырып көңүл ачууну жактырып, андай өнөрүн улгайган кезде да калтырган эмес. Куштарга аңчылыгы тайган агытуу менен коштолгон.
Дагы бир касиети – жаштайынан колуна комуз кармап, залкар күүлөрдү чертип, өзү да күү чыгарган. Ошондой күүлөрүнүн бири – “Кыдырдын арман күүсү”, же “Төгөчү күү”. Бул тууралуу жогору жакта айттык.
Өмүрү Совет заманынан туш келген залкар комузчу Ыбрай Туманов жаш кезинде комуз менен ырдап да, күү чертип да – бир өнөрдүн эки түрүн төп билген чоң талант ээси болуптур. Бирок, ырын да, күүсүн да уккан Кыдыр аке: “Сен, балам, ырыңды калтыр да, өнөрүңдү түгөл күү черткенге бур. Күүлөрүң ырыңа караганда терең, бир башкача экен, ушул жагын өстүр”, - деп кеңеш бергенден кийин ырдаганын коюп, жалаң күү чертип калган экен.
Кыдыр аке андагы жаш манасчы Саякбай Каралаевдин “Манасын” да уккан. Өтө жактырып, кубаттаган.
Анан кызыгы: 1856-жылы аскер эскспедициясы менен Ысык-Көлгө келген улуу казак окумуштуусу Чокон Валиханов “Манастын” бир үзүндүсү – “Көкөтөйдүн ашын” анда Арык тукумунан чыккан чоң манасчы Назар Болот уулунун оозунан молдого жаздырып алганын Кыдыр акенин өзүнөн укканын кайран Сакебиз өмүр жолу жөнүндө эскермесинде атайы белгилеп кеткен. Көп мезгил бою Ч.Валиханов жолуккан ал манасчы ким, кайсы уруудан деген – окумуштууларды ар кыл божомол ойго түшүргөн суроонун так жообу акыры барып теги ошол Арык тукумунан болгон Саякбай манасчыга агалык-боордоштук жакшы колдоосун көрсөтүп, өнөрүнө ак жол каалаган арбагы ыйык Кыдыр акеден табылды! Муну кыргыз тил илиминин саяпкери Кусейин Карасаев да ырастаган.
Мундузбек, сиздин Кыдыр аке тууралуу куюлуштура кеп айтып, журналисттик багытта терең ой жүгүртүүлөргө бай кызыктуу аңгеме куруп бергениңизге ыраазычылык билдирем. Бар болуңуз!
Маекти уюштурган Гүлмира Кулумбаева