Жаңылыктар
Белгилүү адабият таануучу, “Манас” эпосун изилдөөчү, сынчы, драматург Калим Рахматуллин
Маданият
Белгилүү  адабият таануучу, “Манас” эпосун изилдөөчү, сынчы, драматург Калим Рахматуллин

Коомдук ишмер, белгилүү  адабият таануучу, “Манас” эпосун изилдөөчү, сынчы, драматург, СССР жазуучулар союзунун  мүчөсү Калим Рахматуллиндин ысымы  кыргыздын адабият чөйрөсүнө  кеңири белгилүү болуп, кыркынчы жылдары адабият таануу илиминин көч башында турган.

Үстүбүздөгү  жылы 120 жылдык мааракеси  белгиленмекчи.

Калим Рахматуллин 1903-жылы  Токмок шаарында   майда соодагердин үй-бүлөсүндө жарык  дүйнөгө  келген. Атасынан эрте ажырап, он эки жашынан баштап   ар  кимге жалданып иштеп  жанын багат. 1919-жылы Коммунисттик  партиянын  катарына өтүп,  комсомолдук  кызматтарда иштейт. 1923-1925-жылдары  САГУнун  алдындагы жумушчулар факультетинен билим алат, ВКП(б)нын областтык  комитетинин басма бөлүмүнүн башчысы, андан соң САГУнун экономикалык факультетин бүтүрүп, 1935-жылга чейин республикалык “Кызыл Кыргызстан” гезитинин жооптуу редактору кызматын  аркалаган. 1941-1946-жылдары Кыргызбасмасөздө  бөлүм  башчы, СССР  Илимдер Академиясынын  кыргыз бөлүмүнүн  улуу илимий кызматкери болуп эмгектенген.

АДАБИЙ - СЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Калим Рахматуллиндин  адабий сын багытындагы ишмердүүлүгүнүн  башталышы 1927-жылга туура келет. Калим Рахматуллин кыргыз адабият таануу жана адабий сынынын өнүгүшүнүн  калыптануусуна зор салымын кошо алды. Аалы Токомбаевдин жана Алымкул Үсөнбаевдин  чыгармачылыгы, “Манас” эпосун айтуучулар, кыргыз совет адабиятынын өнүгүүсү тууралуу илимий эмгектерди, ошондой эле мектептер үчүн  бир нече окуу куралдарын  жазган.  “Манас  айтуучулар” (1942), “Кыргыз адабиятынын тарыхынын очерктери” (1943), “Кыргыз элинин Мекен үчүн күрөшү” (1943). Ал эми,   “Улуу патриот,  укмуштуу Манас ” (“Великий патриот – легендарный Манас” ) аттуу  китеби 1943-жылы  орус тилинде жарык көргөн. Жазуучу Т.Сыдыкбеков менен биргеликте “Манас жана Алмамбет” пьесасын  жазып, ал чыгарма Улуу Ата Мекендик  согуш жылдарында   республикабыздын  аймагындагы көптөгөн  театрларда  коюлган.

Калим Рахматуллин кыркынчы жылдары  адабиятыбызда  манас таануу  багытында өтө жемиштүү эмгектенип, анын “Улуу патриот,  укмуштуу Манас ” өңдүү  эмгегинен сырткары    “Манасчы”, “Манас кайсы кылымда жашагандыгы тууралуу” илимий  изилдөөлөрү  жарык көргөн. Анын  адабияттагы орду тууралуу Аалы Токомбаев : “ Калим Рахматуллин кимди болбосун  талантынын көп кырдуулугу  менен таң калтырат. Ал адабиятыбыздагы алгачкы сынчы, алгачкы котормочу, ошону менен катар алгачкы журналисттердин бири. Ошондой эле илимде  алгачкылардан болуп “Манас” эпосун окуп-үйрөнүү  багытында илимий эмгектерин жараткан...” деп белгилеген.

Рахматуллиндин кыркынчы жылдары жарык көргөн манас таануу багытындагы илимий иштери зор мааниге ээ. Манасчылардын чыгармачылык  өнөрү, эпостун башкы идеясы, негизги варианттарын  бири-бирине салыштыруу, “Манас” эпосун  изилдөөдөгү маселелер, ошондой эле манасчылардын өмүр баяндары  тууралуу илимий иштери  кызыктуулугу менен айырмаланып келет. Алсак, “Манас” эпосунун айрым варианттарынын сюжеттик өзгөчөлүктөрүн изилдөөдө  Сагымбай жана Саякбай манасчынын, ошондой эле академик  Радлов жазып алган  белгисиз  манасчынын  варианттарын салыштырган.

Манас таануу илимине  чыйыр жол салган илимпоздун илимий мурастары улам мезгил өткөн  сайын өзүнүн тарыхый баалуулугун жоготпой келет.  Калим Рахматуллиндин илимий эмгектери  кыргыз  адабият  таануу  илиминде  кайрадан жаңы түс, жаңы дем менен   жаңыланат деген ишенич бар.

Гүлмира  Кулумбаева