Жаңылыктар
КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине 500 миллион сом каралган
Кыргызстан жаңылыктары
КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине 500 миллион сом каралган

“Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-25-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамда КР Финансы министрлигинен санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн алкагында долбоорлорду ишке ашырууга 500,0 млн сом өлчөмүндө каражат каралган.

КР МКнин 2023-жылдын 23-мартындагы № No 166, санариптештирүүгө каралган каражаттардын алкагында Мамлекеттик маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун долбооруна 100,0 млн сом суммасында каражат каралган.

СӨМ санариптештирүүгө каралган каражаттардын алкагында “Кредитордук карызды жабууга 46,8 млн сом бөлүү жөнүндө” КР МКнин токтомунун долбоору демилгеленген.

Учурда ал Кыргыз Республикасынын Президенттин Иш башкармалыгында каралып жатат.

Маалымат үчүн айта кетсек, ушул тапта СӨМ тарабынан КР МКнин «Тиешелүү мамлекеттик органдарга санариптештирүү үчүн каралган каражаттардын чегинде 306,0 млн сом бөлүү жөнүндө» (сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен) токтомунун долбоору демилгеленген.

Натыйжада бүгүнкү күндө 500,0 млн сомдон 452,8 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар бөлүштүрүлдү. Бөлүнбөгөн каражаттардын калдыгы 47,2 млн сомду түзөт.