Жаңылыктар
1 кг ашык “мефедрон” психотроптук затын сатууга аракететнген жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
1 кг ашык “мефедрон” психотроптук затын сатууга аракететнген жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына “мефедрон” психотроптук заттарды жеткирүү каналына бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрүштү.  Баңгизаттарды сатып алуучулардын ишмердүүлүгүн жоюу боюнча биргелешкен атайын операция жарым жылдын ичинде жүргүзүлдү.

Бишкек шаарында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек ШИИББнын Атайын операциялар отрядынын жардамы менен 2001-ж.т. А.Р. жаран кармалган, ал ар бири 0,5 литрден турган, төрт желим бөтөлкө түрүндө салынган "мефедрон" психотроптук затын жашырылган жерден алган. Алынган психотроптук заттардын таза салмагы 1 кг.194 гр. түзгөн.  Психикага таасир этүүчү баңгизаттарды сакталган жайдан алып, шектүү А.Р. кара түстөгү “BMW” үлгүсүндүгү унаага жашынууга аракет кылган, бирок ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. 

Кылмыштуу ниетти ишке ашырууда жана ушул өлчөмдөгү психотроптук заттарды сатууда А.Р. жарандын мыйзамсыз кирешеси болжол менен 6 млн. 567 миң сомду түзүшү мүмкүн эле, ошондой эле көрүлгөн чаралар менен 7164 бир  жолку дозадан ашык синтетикалык баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө түшүүсүнө бөгөт коюлду.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголду. 

Кармалган жаран Бишкектин №1 тергөө изоляторуна киргизилди.  

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын-тергөө аракеттери жана изин суутпай издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.