Жаңылыктар
Кыргызстан Россиядан электр энергиясын сатып алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан Россиядан электр энергиясын сатып алууда

Кыргызстан Россиядан электр энергиясын сатып ала баштады. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди. Жетекчинин айтымында, кийинки жылдын жаз айларына чейин 900 миллион квт/саатка чукул электр энергиясы импорттолот. Буга өлкөдө өндүрүлгөн энергиядан керектөөнүн бир кыйла ашып кетүүсү негиз болууда. Ал арада дал ушул кыйчалыш кырдаалдан чыгуу, генерацияны көбөйтүү аракеттери көрүлүүдө.