Жаңылыктар
4% ипотека менен үй алчулардын тобуна өзгөртүүлөр кирди
Кыргызстан жаңылыктары
4% ипотека менен үй алчулардын тобуна өзгөртүүлөр кирди

«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди. 

“Социалдык ипотека” аркылуу үйдү бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери гана эмес, 5 жана андан ашык баланы тарбиялаган көп балалуу үй-бүлөлөр;

майыптыгы бар адамдар же майыптыгы бар адамдардын камкорчусу болуп эсептелгендер;

жашы жете элек баланы бир гана ата-эне тарбиялаган толук эмес үй-бүлөлөр;

айыл жергесинде иштеген жаш адистер дагы ала алышат. 

Эскерте кетсек, “Социалдык ипотека” жылдык 4% менен берилип, ошондой эле анын алкагында турак жай банктын катышуусуз кийин сатып алуу укугу менен ижарага берилет. 

Мындан тышкары чет өлкөлөрдө иштеген жарандар Социалдык ипотека аркылуу мамлекеттик ипотекалык насыяларды ала алышат.