Жаңылыктар
Ысык-Көлдү көздүн карегиндей сактайлы
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдү көздүн карегиндей сактайлы

Суучулдар Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иштерин улантууда. 

Бул жолу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери суунун ичинен 43 торду алып чыгышты. Чыгарылган торлордун жалпы узундугу 4 миң 300 метрди түзөт, ага балыктар эле эмес, өрдөктөр дагы түшкөн. Бул жолу суучулдар Түп районундагы Күрмөнтү айылына жакын жайгашкан Николаев булуңун тазалашты. 

Эскерте кетсек, Ысык-Көлдү таштанды жана балык улоочу торлордон масштабдуу түрдө тазалоо иштери март айында башталган. Бул иш-чаранын алкагында суунун ичинен миңдеген узундуктагы торлор, желим бөтөлкөлөр алынып чыкты. Алтургай тор салып жүргөн жергиликтүү тургундар кармалды.