Жаңылыктар
Калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу
Кыргызстан жаңылыктары
Калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу

Керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди өзгөртүүдөн түшкөн кошумча киреше 2,5 млрд сомдон ашык болот.

Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт.

«Электр энергиясын 700 кВт.с жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат, тагыраагы 2 сом 16 тыйындан эсептелет. Ал эми аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн тариф мурдагы деңгээлде - 1 кВт.с үчүн 50 тыйындан болот. Буга чейин энергетиктер тарифтерди көтөрүүнүн натыйжасында түшкөн каражаттар абоненттерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн эскирген жабдууларды жаңылоого жумшаларын билдирип келишкен.