Жаңылыктар
Таштандыны көп ташыган айдоочулардын айлыгы көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Таштандыны көп ташыган айдоочулардын айлыгы көбөйдү

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын таштанды ташуучу унаалардын айрым айдоочуларынын айлык акысы көтөрүлдү.

Маалыматка караганда, азыр таштанды ташуучу унаалардын айрым айдоочулары айына 80 миң сомдон жогору айлык алып жатышат. Буга чейин алардын эмгек акысы 30-35 миң сомдун тегерегинде болчу.

Кесиптик эмгек акы - кызматкерлерге чыгарылган таштандынын көлөмүнүн эсебинен төлөнүүчү эмгек акы. Эми бир тонна акыр-чикир үчүн таштанды ташыган айдоочуларга 125 сомдон төлөнөт. Эскерте кетсек, «Тазалык» МИнин кызматкеринин эмгек акысы Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен 70%га көтөрүлгөн.