Жаңылыктар
Бир район, үч айылдын аты өзгөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бир район, үч айылдын аты өзгөрдү

Кара-Буура району менен үч айылдын аты өзгөртүлөт. Тийиштүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Документке ылайык, Талас облусундагы Кара-Буура району Айтматов району болуп өзгөрмөкчү. Ушул эле облустагы Чымгент айылы - Айтматов районунун Чолпонбай айылы деп айтыла баштайт.

Ал эми Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Ормон-Хан айыл аймагы деп кайра аталды. Муну менен катар Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы эми Кайрагач аталышын алат.