Жаңылыктар
300 миллион сомдук алтын табылды
Кыргызстан жаңылыктары
300 миллион сомдук алтын табылды

84 килограмм алтынды тиешелүү документтери жок алып келүү фактысына бөгөт коюлду.

«Ак-Жол» товарларды чек арада каттоо пунктунда Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан “JAC” үлгүсүндөгү автоунаадан салмагы 84 килограммга жакын алтын табылды.

Анын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргызстандын салык органдарында каттоодон өтүүгө тиешелүү болгон документи болгон эмес. Баалуу металдын болжолдуу баасы 300 миллион сом.