Жаңылыктар
Өзбекстанда издөөгө алынгандар Ошто кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстанда издөөгө алынгандар Ошто кармалды

Оштон Өзбекстанда издөө салынган, террордук уюмдун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар өзбекстандык эки жаран кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Алар кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалды.