Жаңылыктар
Болгону үч жарым айда өлкөнүн ишкерлерине 1 миллиард сомдон ашык суммага кепилдик колдоо көрсөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Болгону үч жарым айда өлкөнүн ишкерлерине 1 миллиард сомдон ашык суммага кепилдик колдоо көрсөтүлдү

«Кепилдик фонд» ААКсынын жаңы кепилдик инструменти – өткөн жылдын аягында киргизилген портфелдик кепилдиктер, республиканын ишкерлери үчүн берилген кепилдиктердин жана кредиттердин көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.

Үстүбүздөгү жылдын үч айында эле “Кепилдик фонду” ААК 1700дөн ашык ишкерге 1 миллиард 78 миллион сомдон ашык суммага кепилдик колдоо көрсөттү. Кепилдиктер ишкерлерге 2 миллиард 66 миллион сомдон ашык кредит алууга мүмкүндүк берди.

«Кепилдик фонду» ААК өзүнүн ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде 6 млрд 374 млн сомдон ашык суммага 5200дөн ашык кепилдиктерди берди, бул ата мекендик бизнести 20 млрд 681 млн сомдон ашык суммага кредиттик каржылоого мүмкүнчүлүк берди.