Жаңылыктар
Кыргыз жери - Түмөнбай Байзаковдун ийгилиги
Маданият
Кыргыз жери  - Түмөнбай Байзаковдун ийгилиги

“Ала-Тоо ак  калпагын кийген кезде,
  Аскасы көк асманга тийген кезде,

  Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
  Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
  Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,

  Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн”

Ооба, окурман дээрлик  отуз жылдан  ашуун  мезгилден  бери кыргыз элинин  гимни сыяктуу ырдалып келаткан  ырдын текстинин  автору Түмөнбай  Байзаков эле, ал эми, обонун Апаз Жайнаков  жаратып, ырды келиштире  көркүнө  чыгара  аткарган булбул үндүү  ырчы Саламат Садыкова  болду.

Ырда кыргыз  жеринин  сулуулугу, улуулугу  поэзиянын  керемет   боегу аркылуу  кудум  сүрөтчү  тартып койгондой элестүү жаралды.

Акын жана котормочу Түмөнбай Байзаков  1923-жылы  Сузак  районундагы Барпы  айылында жарык дүйнөгө  келген. Айылдык мектепти  аяктаган соң, адегенде жети жылдык мектептин  башталгыч класстарында  мугалим болуп эмгектенет.

1942-жыл... Мектепте мугалим, патриоттук  сезимдин  күчтүүлүгүнөн болсо керек, өз каалоосу менен суранып  жатып  Мекенди коргоого аттанат.Жүрөгүндө  жалыны бар оттой жанган кыргыз жигити  десанттык  бөлүктө  кызмат аткарып,  1943-жылы  согуш талаасында жарадар болот.Туулган жерине кайтып келген соң , эл агартуу тармагында, райондук гезиттте редактор,КМУнун филология факультетин бүтүргөн соң,   1954-жылы Кыргызстан КП  БКнын  алдындагы  республикалык  партиялык  мектепте мугалим болуп иштейт.

Көркөм  адабиятка келиши 1955-жыл  деп  айтылып жүрөт.”Ала-Тоо” журналынын  жооптуу катчылыгынан   1979-жылдарга  чейин  мамлекеттик басма сөз  кызматынын түрдүү  тармактарында эмгектенген.

Түмөнбай Байзаковдун  “Тилегим” аттуу  алгачкы ыры  1946-жылы Жалал-Абад облустук “Большевиктик жол”  гезитине басылган.

Акындын көпчүлүк  убактысы  мамлекеттик кызматтарда эмгектенүү  менен  өтсө  да чыгармачылыгын  да үзүрлүү эмгектенди. . Анын  ырлары, котормолору, макалалары  үзгүлтүксүз басма  сөздө  жарыяланып турган.

1958-жылдан  СССР Жазуучулар союзунун жана СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.

Токтогул  акынды  акын  катары  кыргыз элине  тааныткан, чыгармаларын жыйнаган  Жоомарт Бөкөнбаев  деп айтып  келсек, Түмөнбай Байзаков  да Барпы акындын  чыгармаларын топтоп  жарыкка чыгарууда  эбегейсиз зор күчүн  жумшаган.

“Паризат”, “Биз жакта”, “Кар бетине жаздым кат”, “Мезгил чыйыры”, “Самай берем”, “Оттуу курак”, “Ыр башат”, “Ак таңдар”, “Тандалмалар”, “Өмүр беренеси”, “Азимжандын  апыртмасы”, “Госпиталдын кызы”, “Канатчан жылдар” аттуу ырлар,дастандар, баяттар, сонеттер, тандалма жыйнактары жарык  көргөн.

Татар элинин  акыны Муса Жалилдин,украин акыны Максим Рыльскийдин, өзбек  акындары  Хамид Алимжандын, Зульфиянын, Куддум Мухаамадийдин, тажик жазуучу-акындары  Пулод Толистин, Боки Рахим-заденин, түркмөн  акыны  Каюм Тангрыкулиевдин  чыгармаларын которуп, өзүнчө китеп  кылып чыгарган. Кандай  гана эмгек! Кандай гана көркөм дүйнө!  Чыгармачылыгы башкача дүйнө!

Ырларынын көпчүлүк  тексттерине  обондор жаралган, негедир айрым   обончулар да, аткаруучулар да айтпай келишет. 1993-жылы 70 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн2023-жылы акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун  100 жылдыгы белгиленет.

Гүлмира  Кулумбаева