Жаңылыктар
Ишкерчилик тоскоолдуксуз жүргүзүлөт
Экономика
Ишкерчилик тоскоолдуксуз жүргүзүлөт

Ишкерчиликти колдоо максатында административдик тоскоолдуктар четтетилет. Бул боюнча экономика министрлигинин Талас жергесинде өткөн элдик жыйында айтылды. Министр Арзыбек Кожошев орто жана чакан бизнести өнүктүрүү үчүн ишкерлерге каржылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, өнөктөштөрдү табуунун жол жоболорун үйрөнүү мезгил талабы экенин айтты.

Талас облусу төө буурчак менен таанылгандыктан дыйкандар жылда кайталанчу сатуу өнөктүгүндөгү мүчүлүштүктөрдү жөнгө салуу өтүнүчүн билдиришти. Бул багытта алгылыктуу иштер аткарылса, дыйкандар менен ишкерлерге пайдалуу болмок.