Жаңылыктар
Талапкерлердин саны 20га жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Талапкерлердин саны 20га жетти

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин койгондордун саны жыйырмага жетти. 

Бул тууралуу шайлоо комиссиясы билдирди. Талапкерлердин бардыгы өзүн-өзү көрсөткөндөр. Алардын экөөсү айым. 

Эскерте кетсек, талапкерлигин койгондордун арасында буга чейин саясатта аты белгилүүлөр, ошол эле учурда коомчулукка ысымы көп белгисиз жарандар дагы бар. 

Белгилей кетүүчу жагдай, депутаттыкта талапкерлерди каттоо 27-апрелде аякта, шайлоо 28-майда өтөт.