Жаңылыктар
Мектеп окуучуларынын мушташкан себеби эмнеде?
Аймак
Мектеп окуучуларынын мушташкан себеби эмнеде?

Ош шаарындагы эки орто мектептин жогорку класстагы окуучулары ортосунда мушташ чыкты. Натыйжада, бир өспүрүм бутунан жаракат алып, ооруканага түштү. Учурда күч кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтөөнү колго алды.  

Окуя 24-октябрда түш чендерде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, №2-Киров атындагы орто мектептин короосуна №5-Бөкөнбаев атындагы орто мектептин бир нече окуучусу кирип келип, балдарды четинен ура баштаган.
 Окуянын келип чыгышына №5- Бөкөнбаев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Т. аттуу өспүрүмдүн сүйлөшкөн кызын №2 мектептин окуучусу капа кылып койгону негиз болгон.

 №5- Бөкөнбаев атындагы орто мектептин жетекчилиги окуяга кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү экендигин танбайт. Анткени, окуя сабак учурунда болгон.
Жаатташкан мектеп окуучуларынын мушташын күч кызматкерлери басты. Ал арада бутуна белгисиз нерседен жаракат алган өспүрүмгө жеринде алгачкы жардам көрсөтүлгөн. жаракат алган бала - шаардагы кесиптик окуу жайдын студенти экендиги маалым болду. Бул студенттин окуяга кандайча аралашып калганы сыр бойдон калууда.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, уруш эмнеден чыкканы дагы такталып жатат. Мушташка катышкан өспүрүмдөрдүн күнөөсү далилденсе, аларды темир тор күтүп тураары бышык.
Адистердин айтымында, аймак-аймакка бөлүнүп мушташкан мектеп окуучуларынын жосунсуз жоруктары кайталанып турат. Бирок, балдардын ата-энелери милиция, сот кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып жабылып калууда.