Жаңылыктар
Токмоктун мурдагы мэри Урмат Самаев 1-июнга чейин камакта калат
Кыргызстан жаңылыктары
Токмоктун мурдагы мэри Урмат Самаев 1-июнга чейин камакта калат

Октябрь райондук соту Токмоктун мэрии Урмат Самаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 1-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочужайына киргизилди. 

Эскерте кетсек, “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуудан келтирилген зыян 130миллион сомдон ашат. 

Мындай коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалганын УКМК билдирген. Буга чейин жылуулук ишканасынын бир катар кызматкерлери колго түшкөн эле.