Жаңылыктар
Прокурордун жардамчысы пара менен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Прокурордун жардамчысы пара менен кармалды

УКМК Мамлекеттик прокуратуранын Тергөө башкармалыгы менен биргеликте Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын прокурорунун улук жардамчысын пара алып жаткан жеринен кармады.

Ал акчаны прокуратуранын имаратында алып жаткан.

Борбугулов Абдубали Тайырбекович өзү тергеп жаткан сотто каралып жаткан иш боюнча оң чечим чыгаруу жана сотко чейинки өндүрүштү жокко чыгаруу үчүн 450 миң сом өлчөмүндө опузалап акча талап кылган.