Жаңылыктар
Фармацевтикалык компания пара берип жаткан жеринен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Фармацевтикалык компания пара берип жаткан жеринен кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен фармацевтикалык ишкананын директору жана ортомчу кармалды.

УКМКнын маалыматы боюнча, чет өлкөлүк жаран жетектеген фармацевтикалык ишкананын мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган компания тарабынан 17 млн сомдон ашык суммадагы салыкты жашыруу фактысы такталды.

Фармацевтикалык ишкананын өкүлдөрү мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу жана иштин оң жагына чечилиши үчүн акчалай сыйлык берүүнү сунуш кыла башташкан. 

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында компаниянын директору жана ортомчу УКМКнын кызматкерине 40 миң АКШ долларын пара катары берип жаткан жеринен кармалып, атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.