Жаңылыктар
Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча бир катар судьялардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Өз каалоосу менен төмөндөгү жергиликтүү соттун судьялары кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду:

   - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Калыбеков Урмат Анварбекович;

 - Бишкек шаардык сотунун судьясы Өмүралиева Анара Медербековна;

 - Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Барынбаев Жеңишбек Базармаматович.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу менен Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Ибраимова Жылдыз Белековна отставкага кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулуп, анын ыйгарым укуктары токтотулду.