Жаңылыктар
Баткен: Суу жеткирүү боюнча ири долбоор ишке ашты
Аймак
Баткен: Суу жеткирүү боюнча ири долбоор ишке ашты

Баткен облусунда айыл чарба багытындагы эң ири долбоор иш жүзүнө ашырылды. Жалпы Суммасы 365 млн. сомдук каражатка Бүргөндү өрөөнүнө суу жеткирилип, натыйжада 4 миң гектар жер өздөштүрүлүү алдында турат. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык программасынын алкагында жүзөгө ашкан бул ирригациялык ири курулуштун жыйынтыгы менен өрүкзарлуу өрөөндөгү жер тилкелерине муктаж 5000ден ашык жаштарга үй куруу үчүн жер берилип, көп жылдардан бери чечилбей келген элдин чоң көйгөйү чечилди десек болот.

Баткенде жер көп, суу аз. Өрөөндү аралап өткөн алты дарыя болсо да, ага жакын аймактардагы дың жерлерди өздөштүрүүгө негедир буга чейин маани берилбей келген. Ал эми 2013-жылы болсо Мамлекет башчысынын Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү программасынын алкагында Кожешкен дарыясына жакын Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүү долбоору башталган болчу.
Эми бул өрөөндөн жерге муктаж 5000 ден ашык жаштарга жер тилкелери берилет. Ал турсун жаңы конуштун жашоочулары үчүн бардык шартары бар долбоор да даяр. Учурда облустун аймактарынан жерге муктаж жаштардын тизмелери такталуу да. Буюрса келээрки жылдан баштап бул жерлерде жаштар үчүн бардык шартары бар жаңы шаарчасы пайда болот.
 Фергана өрөөнүн чок оротосунда жайгашкан Бүргөндү жашоо турмуш үчүн да, дыйканчылык үчүн да абдан ынгайлуу. Бир эле Баткен облусунун эмес,өлкөнүн келечеги үчүн да өзгөчө таасири чоң өрөөн жаратылыш газы менен кошо нефтинин чийки заттарына да өтө бай.