Жаңылыктар
Борбор Азия лидерлери кыргыз элин жана президент Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор Азия лидерлери кыргыз элин жана президент Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосу: "Адамдын руханий жактан тазаланып, физикалык жактан жакшырган айтылуу майрамда элдерибиздин ортосундагы жакындык жана боордоштук эселеп арта берсин.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге чың ден соолук жана күч-кубат, баштаган иштериңизге ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана гүлдөп-өнүгүү каалайм.

Жараткан Рамазандан Рамазанга чейин кылган жакшы ниеттерибизди жана иштерибизди кабыл кылсын! Орозо айтыңыздар маарек болсун!», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин куттуктоосу: «Улуу Урматтуу Сизди, бардык туугандарыңызды жана боордош кыргыз элин бүткүл ислам дүйнөсүндө салтанаттуу жана чоң кубаныч менен белгиленип жаткан ыйык Рамазан айы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Соңку жылдары чыңдалып келе жаткан жалпы маданий жана руханий баалуулуктар менен байланышкан биздин дос элдерибиздин ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты даңазалоого багытталган ынак коңшулук ыйык Рамазан айынын эң асыл маңызына туура келет.

Биздин чечкиндүү биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында бир тууган элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар мындан ары да чыңдалып, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелер ырааттуу өнүгө берерине терең ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосу: «Ыйык Орозо айт майрамга карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Исламдын бийик руханий баалуулуктарына таянган боорукердиктин, асылдыктын жана кайрымдуулуктун үстөмдүгүн символдоштурган бул жаркын майрам бүткүл мусулман коомчулугунда өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана тынчтыкты чыңдоого жардам берет деп терең ишенем», - деп Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда айтылат.

Түркмөнстандын президенти президент Садыр Жапаровго ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүү каалады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу: «Сизге жана дос Кыргызстан элине чын дилимден Орозо айт майрамына карата куттуктоолорубузду жана эң жакшы каалоолорубузду билдирем.

Бул куттуу майрамдын туруктуу салттарына жана тараптардын биргелешкен жаратмандык аракеттерине негизделген биздин мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелер жана көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да элдерибиздин түпкү таламдарына ылайык кеңейип, сапаттуу жана маңыздуу жаңы деңгээлге чыгаарына ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

Тажикстандын президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, стабилдүүлүк, туруктуу прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.